Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөт башчынын эмне кереги бар?” деген ой жаралууда...

“Өкмөт башчынын эмне кереги бар?” деген ой жаралууда...

11-март, 00:14
699 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адылбек Касымалиев өкмөттү башкарууда алсыз болсо, багыт бере албаса, мындай шартта ажого кыйынчылык жаратпайбы?

Төрөбай Колубаев:

-- Адылбек Касымалиев алсыздыгынан ишти жөндөп кете албай отурган жок. Ал Акылбек Жапаров коюп кеткен “бомба, миналарды” жардырбай, ишти жөнгө салып кетүүнүн аракетин көрүүдө. Ал жоош, эч кимге карасанабайт, бирок ишти билет. Ошон үчүн ажого анчалык деле кыйынчылык жаратпайт. Учурда Акылбек Жапаров жасап кеткен оргу-баргы иштерди четинен түзөгөнгө киришти. Аны анчалык билбегендер “иштей албай жатат” деген ойдо болуп жатышат.

Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу:

-- Жаңы Конституцияга ылайык, президент баардык аткаруу бийлигин жетектеп, төрагалык кылууга да укуктуу. Ушундан улам “өкмөт башчынын эмне кереги бар?” деген ой пайда болот. Мурда өкмөттүн курамы жана премьер-министр Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан тандалчу, эми азыр бул укук президентке берилген, болгону парламенттин макулдугу керек. Мындан соң өкмөт башчы институтун жоюп, анын функцияларын президентке эле берип салуу керек эле.

Жаңы Конституцияда өкмөткө болгону 3 берене жана 12 пункт гана берилген, анда алардын укуктары жана милдеттери жазылган. Атап айтканда, өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат, жарандардын эркиндигин, укуктарын камсыз кылып, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулук менен күрөшөт; финансылык, баа жана тариф, инвестициялык, салыктык саясатын жүргүзөт; республикалык бюджетти иштеп чыгып, анын аткарылуусун камсыз кылат ж.б.

Анан министрлер кабинетинин төрагасынын өкмөттү башкаруудагы аракетине азырынча укуктук баа берүү али эрте. Адылбек Касымалиев болгон күчүн экономикага жана кайра иштетүү өнөр жайга буруп, татыксыз, ишинен ийгилик жарата албаган облус, район, шаар башчыларынан арылбаса, аймактар өнүкпөйт. Баардык түйшүк жана көйгөйлөрдү чечүү президентке оордук келтирет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер