Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ак-кула” ат майданына, №47 түрмө менен №1 СИЗОнун ордуна бак-дарактар тигилсе туура болмок

“Ак-кула” ат майданына, №47 түрмө менен №1 СИЗОнун ордуна бак-дарактар тигилсе туура болмок

11-апрель, 09:00
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кезектеги кейиштүү кербезби? “Ак-кула” ат майданына, №47 түрмө менен №1 СИЗОнун ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат экен. Элге жеңилдетилген ипотекалык квартиралар берилери айтылууда. Албетте, назилинде тилек жакшы. Бирок буга чейинки Бишкек шаарындагы ыраатсыз салынган имараттар, үйлөр арбын эмеспи. Алардын көпчүлүгү архитектуралык талаптарга шайкеш келбейт, баягы тааныш аркылуу бизнес кылгандар. Машина токтотуучу жайлары, балдар ойноочу аянтчалары жетишсиз. Саркынды сууларды алып чыгуу да көйгөй жаратууда. Айтор, эптеп эле “чампаламай”. Бийик кабаттар башаламан көбөйүп, автоунаалар батпай, тыгын кыяматтай сезилип жатканда, дагы кысылышкан курулуштардын көбөйгөнү логикага сыябы? Ансыз да калааны кышкысын ыш-түтүн каптап, дем алууга мүмкүн эмес. Жайында чаң, таза аба дээрлик жетишсиз. Мындай шартта “Ак-кула” ат майданына, №47 түрмө менен №1 СИЗОнун ордуна бак-дарактар тигилсе, жакшылап өстүрүшсө, аба тазарат, элибиз сейилдейт. Ал эми ипотекалык үйлөр шаардын четине курулса ылайык болмок да, туурабы? Негизи арзан пиар, утурумдук упай алуу үчүн эле элди алаксыта беребизби? Качан келечектүү, кенен ойлонулган иш-пландар жүзөгө ашат? “Таз кейпибизден” арылбай калдык го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер