Бийликте акыл-эстүү адам жокпу? Жашыл аймагыбызды мэр Жунушалиев талкалоодо
“Азия Ньюстун” өткөн сандарына “Гезит базарын талкалаган мэр Жунушалиев дөдөйбү?” деген чакан макала чыккан. Анда “Вечерний Бишкектин” жанында жайгашкан гезит базарын талкалап салганы баяндалган эле. Ошого катар шаардагы ыраатсыз иштерин да мисал катары келтиргенбиз. Тилекке каршы, сын-пикирден сабак албай, дөөпөрөстүк аракеттерин уланта бергени кандай? Жогорку жетекчилик көзөмөлгө албаса, айла жок, билгенин жасап, таңгалдырганын койбоду!
Бишкек шаарынын “Асанбай” кичирайонундагы тротуар ала жаздан бери бүтпөй, башаламан таризде жатат. Шалаакылык орун алганы аз келгенсип, ал жердеги чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери өсүп жаткан бактардын тамырына чейин доо кетирип, ыраатсыз каздыра берип, натыйжада, аянычтуу көрүнүшкө туш болуудабыз. Буга чейин шаардын көркүн ачкан жашыл аймагыбыздын ишпалдасын ушинтип чыгара береби? Асман тиреген береги бактарды ондогон жылдар бою кастарлап, аяр мамиледе өстүрүп алсак, эми Айбек Жунушалиев акылга сыйбаган буйругу менен талкалай баштаганы өкүнүчтүү! Бул эргул долдурап алып, кыйла калпыстыкка, ыпластыкка батып баратат го? Эрксизден баш чайкайсың.
Ток этерине келсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул көрүнүштү жаза кетирбей, териштирүүгө алса болмок. Жашыл шаарыбыз баарыбызга керек да.