Алмазбек Атамбаев: “Бул күнөөлөр - ойго келбеген сандырактык...”
Бүгүн, 13-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяга тиешелүү кармалгандарды бошотууну азыркы бийликтен талап кылып, билдирүү таратты:
Ал: «Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени... Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр - ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шек саналып жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок».
Алмазбек Атамбаев өзүнүн кармалышын жана Кой-Таштагы үйүндө ок атылганын мыйзамсыз деп атаган. Ал өлкөнү башкарып турганда таза иштегенин, айрым досторуна жана жардамчыларына, күч түзүмдөрүнө абдан ишенгенин кайталаган.
Ал эми Атамбаевдин өлкөнү башкарып турганда бир нече чиновник, саясатчылар азыркы өзүнүн абалындагыдай темир торго отурганы тууралуу кеп кылган жок.