Сасык тумоо күчөдү, сактаныңыз!
Сасык тумоо – курч респиратордук вирустук инфекциялардын (ОРВИ) тобуна кирген грипп вирусу менен шартталган дем алуу органдарынын инфекциялык оорусу.
Жыл сайын (ДСУнун маалыматы боюнча) дүйнөдө 40 миллион адам жугуштуу ооруларга кабылат, анын 90%ы сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматы боюнча, сасык тумоо жана ОРВИ менен ооругандар адатта ноябрь айынан тарта акырындык менен күч алат. Буга грипп вирусунун төмөнкү температурага жогорку туруктуулугу, гипотермия учурунда адамдын коргонуусунун төмөндөшү өбөлгө түзөт. Ошондой эле оорулуу жана дени сак адамдардын ортосундагы тыгыз байланыш илдеттин кескин өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Сасык тумоонун алгачкы белгилери: дене табынын көтөрүлүшү (39-40 градус), чыйрыгуу, жөтөл, тамак оору, мурундан суу агып же бүтүп, бүт дененин оорушу, баш оору, алсыздык.
Биринчи симптомдор пайда болгондо:
-- эч жакка чыкпоо жана үйгө дарыгерди чакыруу зарыл;
-- чүчкүргөндө же жөтөлгөндө мурунду жана оозду бетаарчы менен жабуу керек;
-- колдонгондон кийин колаарчыны таштанды челекке таштаңыз;
-- өзгөчө жөтөлгөндөн же чүчкүргөндөн кийин колду самындап жууп туруңуз;
-- колуңуз менен көзүңүзгө, мурунуңузга жана оозуңузга тийбөөгө аракет кылыңыз, оорулуу адамдар менен жакын мамиледе болбоңуз;
-- жакындарыңызга инфекция жуктурбоо үчүн медициналык беткап тагыныңыз;
-- бейтап жаткан бөлмөнү бат-баттан желдетип туруу жана нымдуу тазалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү керек;
-- өз алдынча дарыланбаңыз.
"Азия Ньюс" гезити