Айылчы Сарыбаев, профессор: “Он чакты кишини камоо менен маселе чечилбейт. Бул убактылуу пиар!”

-- Айылчы агай, жасалма диплом алып, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөндөрдү тескеген аракеттер болушу керекпи?
-- Жасалма дипломго кылмыш иши козголот. Бергени дагы, алганы дагы жоопко тартылат.
-- Акыркы мезгилде НПОлордун аракеттери сынга алынып, алар алган гранттар тууралуу көп сөздөр айтылууда. Сырттан каржылагандар Кыргызстандын өнүгүүсүнө шарт түзөбү, же алардын максаты башкабы?
-- “НПОлордун ишмердүүлүгүн тескеш керек” дегендерди мен да угуп жатам. НПОлор мамлекетке каршы иш кылса, жоопко тартылат. Элге жардамы тийсе, сыйга татыктуу болот. Аларды бизге душман мамлекеттер жөн эле каржылай бербейт. Кыргыздар негизи башынан демократ эл болгон. Ал эми НПОлордун отчетун ким акча берсе ошолор сурайт. Биздин мамлекет суроого акысы жок. Ички мыйзам бузууларды укук коргоочулар жоопкерчиликке тартуусу керек. Ошолор жол бербеши керек. Алар өздөрү кошо мыйзамсыз ишке барышса, алардын кереги эмне? Анда биз мамлекет болгонубуз кайсы? Эч ким сырттан ички ишибизге кийлигишүүгө акысы жок.
-- Социалдык тармакта “криматалыктын жардамы менен депутат, чиновник болгондор жоопкерчиликке тартылат” деген ураандар айтыла баштады. Бул күрөш тегиз жүрөбү же тандалма болуп калабы?
-- Криминалдар социалдык абалыбыздын барометри. Он чакты кишини камоо менен проблема чечилбейт. Бул жөн эле убактылуу пиар. Алар керек болсо абакта жатып деле башкара беришет. Бизде дээрлик бардык чиновниктер менен депутаттарды камаш керек болуп калат. Анда кандай болот? Ушундай маселе жаралат.
"Азия Ньюс" гезити