Рахат Керимбаева: “Чыгармачыл инсандарды колдоого алып келатабыз”
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору менен маек.
-- Рахат Топчубаевна, быйыл сиз жетектеген агенттик 16 автордун адабий китептерин чыгарды. Мындай саамалык кийинки жылы да улантылабы?
-- Ооба. Быйыл белгилүү калемгерлердин жана жети облустан жети жаш акындардын жыйнактары чыкты. Өзүңүздөр билесиздер, “Кыргызпатенттин” алдында интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу бар. Биз ошол фонд аркылуу таланттуу өнөр ээлерин, чыгармачыл инсандарды колдоого алып келатабыз. Анын ичинде китептерди чыгаруу багыты да бар. Жылда эмгектер конкурстун негизинде тандалып алынып, анан биздин каржылообуз менен чыгарылат. Бул саамалык кийинки жылы да сөзсүз уланат. Кызыккандар биздин сайтка кирип, сынактын шарттары менен таанышса болот. Мындан тышкары, жаш балдар үчүн “Саамалык” деп аталган журналыбыз да бар. Өзүнүн чыгармаларын чыгарып, же китептен көргүсү келген таланттуу балдар болсо, алар үчүн да жыйнактарды чыгарып беребиз.
-- Авторлор канчалык деңгээлде калыс тандалды деп ойлойсуз?
-- Конкурстук иштердин баарын комиссия тандады. Ал комиссия мүчөлөрүнүн баары башка жактарда иштеген, көз каранды эмес кишилер. Андыктан, бул жерде баары калыс чечилет.
"Азия Ньюс" гезити