Акыркы кабарлар
» Саясат » Абдил Сегизбаев контрабанда боюнча айыпталып, камакка алынабы?
Абдил Сегизбаев контрабанда боюнча айыпталып, камакка алынабы?
04-январь, 18:28
2 299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Садыр Жапаровду сындап, атакага өтүп алган Абдил Сегизбаевди камакка алууга аракеттер көрүлүп атыптыр. УКМКны жетектеп тургандагы иштери казылып, негизинен контрабанда боюнча көрсөтмөлөр берилери, ошонун алкагында кылмыш иштери козголору ыраспы? Бул боюнча материалдар даяр болуп калганы каңкууланды. Ал эми Сегизбаев эч жакка качпай турганын, бүгүнкү бийлик менен күрөшөрүн айтып келет. Баса, куугунтук көргөн жарандар да УКМКнын экс-төрагасынын үстүнөн арыз жазышарын билдиришүүдө. Айтор, президенттик шайлоодон кийин Абдил Сегизбаевдин башына кара булут айланары, камакка алынары боюнча алдыртан болжогондор арбын. Көрө жаталык.
Aryba.kg