Айылчы Сарыбаев: “Шаар мэрин шайлай албасаң, кайсы арыңа мактанасың?”


-- Шаар аралык ротация боюнча кандай пикирдесиз?
-- “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп, “Азия Ньюстун” редактору Асланбек Сартбаевге туура эмес кылмыш ишин козгошту. Ал “түштүктү басынтайын” деген ою жок болчу. Болгону Бишкекти оюнчук кылып алышканына таңкалганын айткан. Мен деле ротация деген коррупциялык түшүнүккө каршымын. Ар бир айылды, шаарды, районду облусту өзүнүн элинен чыккандар шайлоо аркылуу келип башкарышы керек. Болбосо “биздин элден чыккан президенттер болбойт экен. Ротация кылып, Саакашвилиден сураналы же Рамзан Кадыровду, Путинден алып келели” дегендей болуп калат. Ошондуктан Бишкек мэрин бишкектиктер түз шайлаганы туура болот. Президентти шайлаганга мээси жеткендер шаар акимин шайлаганга мээси жетпей калыптырбы? Кыргызстанда жапайычылык деп түшүнсөк да болот. Чычалабагыла. Шаар акимин шайлай албасаң, кайсы арыңа “президент шайладым” деп мактанасың? Же, “күчкө күч, канга кан” мыйзамы келе жатабы? Ошого жол бербешибиз керек!
"Азия Ньюс" гезити











