Төлөгөн Келдибаев: “Өкмөт кымбатчылыктын алдын алуу аракетин көрүшү зарыл”

Тилектештик” партиясынын төрагасы менен маек.
-- Коммуналдык төлөмдөргө, электр энергиясына тарифтердин өскөнү, дээрлик салыктын баардык түрлөрү көтөрүлгөнү эмнени билдирет?
-- Коомуналдык төлөмдөргө болгон баага эч жерде иштебеген жалгыз бой аялдар, кары-картаңдар, майыптыгы бар, пенсия, жөлөк пул менен жашаган элге таасирин тийгизүүдө. Дары-дармектин, тамак-аштын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, авиабилеттердин баары кымбаттап, баасы көтөрүлдү.
Электр энергетикалык ишканалардагы тарифтерди (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнүн), өздүк наркын аныктоо шарт. Мисалы, талап кылынган киреше, кирешени тейлөө боюнча милдеттенмелер, оңдоо, капиталдык салымдар жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдар сметасы менен каралгандар, оңдоо жана алмаштыруу үчүн резервдеги эсеп, өндүрүштүк чыгымдар, административдик чыгымдар, жылуулуктун ченемден ашыкча жоготууларын эсепке алган түзөтүү энергетиктердин айлыгы, керектүү тетиктер жана башка чыгымдары менен энергетика тармагы өздөрүнүн баардык чыгымдарын жабышы керек. Ошого жараша тариф иштелип чыгат. Андай иштер болбосо, кошумча казынадан каржы бөлүнгөнгө туура келет.
-- Дээрлик салыктын баардык түрлөрү көтөрүлүүдө...
-- Мамлекет бүгүнкү күндө баардык чыгымдардын жарымына жакынын өз күчү менен жабууда. Бул акча мамлекеттик институттардын иштешин гана камсыз кылбастан, пенсионерлерди, аз камсыз болгондорду жана жумушсуздарды колдоо, ошондой эле калкты социалдык турак жай менен камсыздоо жана медициналык кызмат көрсөтүү сыяктуу негизги социалдык милдеттердин аткарылышын камсыз кылууда. Өлкөдө 500 миңдеген жумушчу орундарын түзүш керек. Завод, фабрикаларды куруу жана токтоп тургандарды иштетүү боюнча аракеттерди көрбөсөк, дүйнөдө болуп жаткан кымбатчылыктын алдын алууга биздин мамлекет 1 ай же ашып кетсе 3 ай гана туруштук бере алат.
-- Эл чыдай алабы?
-- Кымбатчылык күч алса жакырчылык да өсүп кетет, анүчүн өкмөт кымбатчылыктын алдын алуу аракетин көрүшү зарыл.
"Азия Ньюс" гезити