Жаныш Бакиевдин “жаналгычтары” кайтып келе башташты...

2010-жылдын 7-апрелинен кийин Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк уюшма кылмыштары ачыкталып, том-том иштер сотко өткөн. Негизги күнөөкөрлөр качып кетишип, сыртынан соттолгондору эсибизде. Экономикалык, коррупциялык, банк, каржылык, буюртма адам өлтүрүү ж.б. Албетте, бул жагынан талдоо көп убакытты алат. Андыктан, биз соңку убактагы жагымсыз, учкай көрүнүштөргө гана токтололу.
Акыркы эки жарым жылдан берки убакытка көз чаптыралы. Бакиев режиминдеги буюртма адам өлтүрүүлөргө катышкан, издөөдө жүргөн адамдар Кыргызстанга келе башташканы айтылууда. Алар кимдер? Тергөөнүн кызыкчылыгына жараша расмий органдар аттарын аташпай, купуялуулук сакталып келүүдө. Бирок шектүүлөрдүн келишкенин жашырышпайт. Камакта жана эркиндикте жүргөндөрүн кайда жашырабыз?
Эсиңерде болсо, 2010-жылдан соң ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев башында туруп, Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтешип, тергөөгө алышкан. Бир топ адамдар айыпталышып, издөөгө алынышкан эле. Буюртма бергендер жана аткаруучулар качып кетишкени жарыяланган. Мындай көркоолуктун “дирижёру” Жаныш Бакиев экени, анын көзөмөлүндө Медет Садыркулов кыйноо менен өлтүрүлүп, аягында өрттөлгөн. Агездеги ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев “ДТП болгон” деп маек бергенин билесиңер. Оозу-мурду кыйшайбай. Ошентип, жаап-жашырышкан.
Бизге жеткен маалымат боюнча, 13 жылдан бери качып жүргөн Рысбек Кулмамбетов 18-августта Бишкекке келгени, анан “атайын кармалды” кылышып, сурактан кийин үй камагына чыгарып ийишкени каңкууланды. Бул адам 2010-жылдагы ыңкылаптан соң таптырбай кеткен да. Себеби, Рысбек Кулмамбетов Свердлов РИИБнин орун басары болуп туруп, оперлери менен 2008-жылдын 30-декабрында, андан соң 2009-жылдын 5-январында Медет Садыркуловдун үйүнө өлгөн адамдын кулак-сөөмөйлөрүн “белек” катары беришкенин, тергөөдө айтылганын кайда жашырабыз? Атайын көрсөтмөлөрчү? Өлүм коңгуроосун каккан буйрукту Свердлов РИИБнин агездеги начальниги Медетбек (Рустам) Маметов шефи Жаныш Бакиевден алып, орун басары Рысбек Кулмамбетовду жумшаганбы? Бул адам да тергөө сурагында бир топ убакыт жүрүп, азыр жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары катары отурат го? Мындай соболдорго баа берилип, жандырмагы чечилеби?..
Айтмакчы, арбын чуулганга кабылган Айбек Абдразаков да аз күндө кайтып келери айтылууда.
Натыйжада, “Кулак-сөөмөй” операциясы боюнча кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти (!) таризинде камактан кутулушабы? Кечээги жүрөк үшүн алган окуялар мыйзамдуу алкакта каралбаса, анда келечегибиз кантет? Акыркы жылдары Жаныш Бакиевдин “жаналгычтары” кайтып келип жатышса, эми өзү келгени калдыбы? Коомчулук аң-таң...