Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ 9-майда символдорду колдонбоону сунуштады

ИИМ 9-майда символдорду колдонбоону сунуштады

04-май, 19:20
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция "Украина менен Россиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн" профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аскердик кийимдер сатылган ири базарларда, соода борборлорунда жана "Өлбөс полк" жүрүшүнүн уюштуруучуларына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

ИИМ жарандарга "улут аралык кастыкты козутуучу, чыр-чатакка алып келе турган ар кандай символдорду, төш белгилерди, атрибуттарды тагынбоону" сунуштаган.

Буга чейин УКМК кыргызстандыктарды 9-майда Россиянын Украинага басып киришинин символуна айланган “Z” тамгасы бар аскердик форма жана костюмдарды кийбөөгө чакырган. Социалдык түйүндөрдө 9-майга карата “Z” белгиси бар аскер кийимин ижарага бере турган дүкөндүн жарнагы талкуу жараткан.

Ушул күндөрү Бишкек шаардык милициясы машинесине "Z" белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилер сыйрылып жатат. Тартип коргоо органдары машинеге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер