Эдил Байсалов маданият тармагында штаттарды кыскартуу тууралуу таамай сөзүн айтты

Президенттин облустук гезиттерди облтеледен бөлүү тапшырмасы 4 айга созулду. Бирок өткөн аптада маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов министрликтин коллегиясында президенттин тапшырмасы кыйшаюусуз аткарыларын баса белгиледи. Айрым чиновниктер облустук гезиттерди чарбалык эсеп ыкмасына түртө салуу жараксыз экендигин айтышты. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да министрдин бул позициясын колдоду. Эдил Байсалов маданият тармагын бюджеттик каржылоо баардык эле өлкөлөрдө мамлекеттин артыкчылыктуу милдети экенин дайым белгилеп айтып келет. Тилекке каршы, айрым чиновниктер ушул ишти түшүнбөй, кээ бир тармактарды хозрасчетко түртүү аракетин жасагылары келишүүдө. Эдил Байсалов маданият тармагында штаттарды кыскартуу менен өлкөнүн экономикасын көтөрүлөт (!) деген туура эмес түшүнүктөн алыс болууга чакырды. “30 жыл бою реформа, кыскартуу деп эле келебиз, бирок өлкө экономикасы гүлдөп кеткен жок” деген жакшы пикирин жолдоду.
"Азия Ньюс" гезити