Муфтий Закировдун кайдыгерлиги

Көмүскө диний радикализмдин күчөп баратканы, кылмыштуулук кырдыбычак таризине жеткени жашыруун эмес. Салттуу мусулманчылыкты жеришип, ар кандай коркунуч жараткан агымдар каптагандай. Бул багытта түз жолду, тазалыкты көрсөтө турган муфтият тийешелүү милдетин аткара албай мукурап калдыбы? Айтор, жалпы абалыбыз “чийки май жегендей” эле...
Ноокаттагы медресеге дем салдырганы барган 14 жаштагы бала бычак жеп каза тапканы коомчулукта чоң талкуу жаратты. Бул каргаша көп нерседен кабар берет. Муфтий Абдулазиз Закиров окуя боюнча үн каткан жок. Соңку убактарда диний-экстремисттик уюмдардын көмүскө аракеттери курчуп баратса, аларды тескөөгө, үгүт-насааттарын жүргүзүүгө кайдыгерби? Күч органдары чекесинен кармап, жетишпей жатышат. Өлкө боюнча мыйзамсыз мечит, медреселерди муфтият көзөмөлгө алып, териштирүүгө кызыгып да койгон жокпу? Жалпы диний агартуучулук иштеринен Абдулазиз Закиров четте калып, коомчулукка байма-бай чыгуудан айбыгып, караңгылыкка багыт алган катмарды оң жолго салууга батынбай келет. Же өзү да шектүүбү? Салттуу мусулманчылыкты карманууну айтпай, көмүскөдөн былгытууга кызыкдарбы? Эгемендүүлүктөн бери алганда, эң пассивдүү муфтий катары бааласак болчудай. Себеби, адашкан муунга ооз ачып түз жолду көрсөтпөсө, алкоого арзыйбы? Ансыз да ушул тушта диний радикализм күчөп баратат. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, келечегибиз кемибегей эле...
"Азия Ньюс" гезити