» Саясат » Жыргалаң, же Дөргү... Айтор, көмүр кенин “Рыжий Марат” казса жыргайсыңар!
Жыргалаң, же Дөргү... Айтор, көмүр кенин “Рыжий Марат” казса жыргайсыңар!
10-август, 15:54
786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Алгач “Жыргалаң шахтасын ачтык” деп соцтармактагы фейктерге аралаш УТРКсы, МТРКсы жар салды, анан кайра “Дөргүнүкү” дешти. Талаш-тартыш күчөдү. Коомчулуктун башы айланып эле жатып калды. Бийликтин пиар кампаниясына эл анчалык ишенбей, эки анжылык жаралды. Көп өтпөй “Жыргалаңга суу толуп калган, бул ага улай капталынан тешип, каза баштаганбыз” дегендей кеп кетти. Айтор, алачакмактаган эле көздөр. Сөздөр төп келишпей калганда ушундай болот эмеспи. Көрсө, талаш жараткан кенди “Рыжий Марат” иштете баштаган тура. “Баскан изине чөп чыкпаган...” дечү беле? Былтыр президенттин иш башкармалыгына караштуу дирекцияны жетектеп, Акүйдү курмакчы болгондо эл арасында чуулган жаралып, коомчулук жектеп салганын унуттуңарбы? Өзгөчө эркин маалымат каражаттары катуу сынга алышкан. “Рыжий Марат” убагында “караларга” жакын жүргөнү, алдамчылыкка айыпталганы каңкууланган. Артында калбыры бар “кадр” көп өтпөй коомчулук көзүнөн далдоо кетип, дайыны чыкпай калган эле. Эми Ысык-Көлдөгү көмүр кенин каздырып, пайда табат экен. Ушундай адамдар кандайча чоңдорго жол таап, чүйгүн жерлерди алып жыгылат ыя? Эч түшүнүксүз. Баягы “эшегине жараша тушагы” деген кепти эстейсиң да...