Перизат Суранова: “Түрмөдөгү саясатчыларыбыз түшүнүксүз жагдайда запкы жеп келишет”
“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү менен маек.
-- Перизат карындашым, сиздердин “Бириккен демократиялык кыймылдын” үнү чыкпай калды, эмне иш менен алексиздер?
-- Башынан эле “Бириккен демократиялык кыймыл” эркиндиктеги баалуулуктарды туу тутуп, Кыргызстанда болуп жаткан өнүгүү процесстерине өзүнүн ой-пикирин, позициясын байма-бай билдирип жатат. Жакында эле Башмыйзам боюнча, тактап айтканда, бир адамдын, президенттин башкаруусунда жашоо кандай болуп атат, канчалык деңгээлде дал келүүдө же муну биз башыбыздан өткөрбөдүк беле (?) деген изденүү менен бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы эле баарына эшик ачып, жаңы Башмыйзамды иштеп чыгууга белсенгенбиз. Азыркы учурда жумушчу топ жаңы долбоордун үстүндө алек болууда.
-- БДКнын мүчөлөрү күндөн-күнгө саны өсүп атканын байкайбыз. Бийлик жактан кысым болгон жокпу?
-- Ооба, оппозиция күчтөнүп, биздин катарыбыз күн сайын көбөйүп жатат. Прогрессивдүү жаштар менен толукталууда. Басымдуу бөлүгү биздин идеяларга кайдыгер эмес экени байкалууда. Мындай көрүнүш бир гана ордо калаа менен чектелбестен, алыскы райондордо уячалар түзүлүп, ар дайым биз менен байланышта болууда. Жакында Талас жергесинде биздин санаалаштардын чакыруусу боюнча барып, жыйын өткөрүп келдик. Өлкөдөгү болуп аткан саясый окуяларга баа берилди, пикирлер айтылды. “Бириккен демократиялык кыймылдын” уячасы түзүлүп, ишмердүүлүктөрүн бүгүнкү күндө улантууда.
“Кысым болгон жокпу?” дегениңизге өзгөчө токтолгум келип атат. Кечээ белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу, ал киши тууралуу биздин кыймылдын бир мүчөсүнүн билдирген оюна бийлик тараптан терс реакция бергени маалым болду. Бул канчалык деңгээлде туура? Саясый куугунтук катары көрсөк болобу же өч алуубу? Мына ушундай түшүнүксүз процесстер болуп атат. Албетте, Марат Казакпаев жөнүндө баа берүү али эрте. Анткен менен түрмөдө отурган белгилүү саясатчыларыбыз бар. Басымдуу бөлүгү түшүнүксүз жагдайда, түшүнүксүз токулган беренелер менен запкы жеп келишет.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити