Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Сөгүнгөндү жазасыз калтырсак, башкаларга да жол ачылып калмак”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Сөгүнгөндү жазасыз калтырсак, башкаларга да жол ачылып калмак”

22-июнь, 12:31
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Марлен мырза, блогер кыздын камалышы боюнча сиздин оюңузду да билели дедик эле?

-Жалпы коомго тарап кеткенине байланыштуу, албетте, ушундай реакция көрүлүшү керек эле. Эгер тар чөйрөдө сүйлөнгөн сөз болсо, анда башка маселе. Бирок, жанагинтип коомчулукка чыгып, резонанс жараткандан кийин ага кандайдыр бир реакция жасалбаса болбойт да. Сөгүнгөндү жазасыз калтырып койсок, анда кийинки муунга да жол ачылып, “боло берет экен” деген түшүнүк жаралып калмак. 

-Демек, камак жазасы зарылбы?

-Бул жалпы коомго байланышкан нерсе. Унчукпай койгондо башкаларга жол ачылып калгандай болуп атат. Болочок муунду тарбиялоо катары көрүлүп аткан нерсе. Ушундан кийин көп жаман көрүнүштөр токтойт. Мисалы, блогерлердин чыгып алып сөгүнгөнү тыйылат. Коомчулука чыгып аткан соң, этият сүйлөп, маданияттуулугун көрсөткөнгө аракет кыла баштайт. Жана айтканымдай, бул тарбиялоо максатында гана болуп жаткан нерсе.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер