Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тышкы миграцияда жүргөн аялдар эркектерден көп

Тышкы миграцияда жүргөн аялдар эркектерден көп

08-июнь, 11:48
386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 7-июнда Бишкекте өткөн "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда билдирди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан баштап тышкы жана ички миграцияга катышкан аялдардын саны эркектерден кыйла көбөйө баштаган. 2018-жылы ортодогу айырма дээрлик эки эсеге өскөн.

"2030-жылга карата эмгек рыногуна жылына 350 миңдей адам чыга турган болот", - деген министр жарандарды жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Бул багытта Экономика жана соода министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бирдиктүү системасын түзүүнү сунушталды.

Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын – эмгек мигранттарынын, алардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн тагдырына таасир этет. Форумда өлкөдө жок дегенде ар бир төртүнчү үй-бүлөдө бир эмгек мигранты бар экени айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер