Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сейит Жетимишев: “Адам өзүнүн жаштыгын, замандаштарын сагынат экен”

Сейит Жетимишев: “Адам өзүнүн жаштыгын, замандаштарын сагынат экен”

01-октябрь, 17:39
1 031 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адабий сынчы, акын, жазуучу Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына карата акын Асан Жакшылыков агайыбыз жакында эле жакшы бир кече уюштурду. Жугумдуу кеп-сөздөр айтылды. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей, заман оошуп, кечээки күндөр бүгүнкүгө тарых болору бар экен. Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев агабыз кыргыз адабиятынын, маданиятынын гулдөп турган кезеңин, залкарлардын болуп-толуп турган жаштык маалын көз алдыбызга келтире сонун кебин ортого салды. “Ордуңузда эле отуруп сүйлөй бериңиз” дегенге болбой, элди сыйлап, туруп келип сүйлөдү. Чыгармаларын, адамгерчилик сапаттарын баалап, үлгү туткан жазуучу агайыбыздын кебин жөн укпай жазып алдык. 

-- “Көчмөндөр кагылышы” деген романды жазган жазуучу Качкынбай Осмоналиев, “Манастын уулу Семетейди” жазган драматург Жалил Садыков, Пушкиндин “Евгений Онегинин” которгон Эрнис Турсунов, “Атанын тагдырын” жазган Бексултан Жакиев, Султан Ибраимов тууралуу “Өчпөгөн жылдыз” драмасын жазган Мырзабек Тойбаев, Гапар Айтиев жөнүндө китеп жазган тунгуч искусство таануучулардын бири Сарман Асанбеков, “Теңирим Манасты” жазган Ашым Жакыпбеков, “Түштүк кызын” жазган Камбаралы Бобулов, анан эң акырында мен, Сейит Жетимишев – мына ушулар бир жылда, бир курста окудук. Күйүп турган жаштар элек. Бизде адабиятсыз, талашсыз, бири-бирибиз менен кызыл чеке болмоюн бир күн да өтчү эмес. Дайым адабият, илим жөнүндө, элдин тагдыры жөнүндө сүйлөшүп, талашып жүрчү элек. Бүгүн ал замандаштарымдын бир тобунун көзү өтүп кетти. Адам биринчиден, өзүнүн жаштыгын сагынат экен. Андан кийин өзүнүн замандаштарын сагынат тура. Силер да карыйсыңар, муну бир эсиңерге алып койсоңор болот.

Эми Камбаралы Бобулов ким эле? Камбар алгач келгенде эле, биринчи курстанбы же экинчиденби, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романындагы Ыманбайдын образы тууралуу “Оморчулук деген эмне?” деген макала жазды. Абдан курч макала. Окуганыңар барбы-жокпу билбейм, бирок Ыманбай Айсаралат деген коркойгон арык атын минип алып, айылдын башынан чыгып, аягына чейин бозо аңдып ичип жүрө берет жыргап. Балдары ачка, ыйлап атат, ага карабайт. Жыргал Ыманбайдыкы. Мына ошонун бир жагы кең пейил, экинчи жагынан кенебес мүнөзүн Бобулов биринчи жолу биздин кыргыз адабиятында көтөрүп чыкты. Бул өз учурунда чоң маселе болчу. Биздин учурда түштүк жактан окуган кыздар аз эле. Жетинчи классты бүткөндөн кийин эле күйөөгө берип жиберип, кыздар окубай калчу экен. Бобулов ошол тууралуу “Түштүк кызы” деген повесть жазды. Ошол чыгармасында “эмне үчүн түштүктүн кыздары окубайт?” деген проблеманы көтөрдү. Кийин ал повесть боюнча кино да тартылды.

Андан кийин Бобулов “Халтуранын жолун бөгөөгө болобу?” деген ушунчалык курч макала жазды. Макаласында Камчы Жунусов деген акыныбызды катуу сынга алды. Камчы Жунусов болгондо да жердеши экен. Кыргыз адабиятында бирден бир принципиалдуу макалалардын бири болуп калды. Албетте, сын жазган киши жакшы көрүнбөйт. Сынчынын тагдыры кыйын. Чындыкты сүйлөгөн кишинин тагдыры да, дегеле чындыктын тагдыры да татаал тура

Бир күнү Камбар айтат: “Ай, Сейит, Камчы Жунусов менин өзүмдүн жердешим, ошону жазып ушунчалык элге да жаман көрүнүп жатам, ар кандай сөздөрдү угуп жатам, андан көрө Мусакемди (Муса Жангазиев) мактап-жактап жүрсөм, эмдигиче квартира алат элем. Жогорку ишке да барат элем, жыргал меники болот эле э?” дейт. “Эй, сен бирдемени билесиңби? Макул, ошент, анда сен Бобулов болбой калбайсыңбы! Сен абийириңди сатасың да...” дедим. 

“Сынчылык боюнча Камбардын артыкчылыгы эмнеде?” деп ойлондум. “Турмуш, чыгарма кандай?” деп салыштырыптыр. Буга бир мисал келтирейин. Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” деген романы бар. Ага Аалы Токомбаев пикир жазды. Анан ошол талкууга алынды. Ошондо Камбаралы Бобулов “Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы согуш учурундагы азап-тозокту толук чагылдыра алган эмес” деди. Турмушту козгоп, чыгарманы айтты.

Мындай сын ишенимдүү. Абстракттуу Батыштын теориясын айтып баш оорутабыз, ал да керектир, бирок турмуш менен чыгарманы салыштырып изилдеген маанилүү. Муну айтып жаткан себебим, эл, жер үчүн, чындык үчүн тырмактын агындай болсо дагы иш кылсаң, жерде калбайт экен. 

Бобулов “Махабат аралы” деген ырлар жыйнагын жазганда басма чыгарбай койду. “Ме, окуп көрчү” деп мага берди. Мен кичине пикир жазып бердим, андан кийин жарык көрдү. Ал чындыгында өзүнүн тагдырын жазды. Жакшы көргөн жубайы менен ар кандай себептерден улам ажырашып кетти. Ырлары өзүнүн тагдыры менен байланышкан, ушунчалык арман менен жазгандыгы үчүн айырмаланат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер