Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аша чапкан пиарщиктер президенттин аброюна көлөкө түшүрө башташты

Аша чапкан пиарщиктер президенттин аброюна көлөкө түшүрө башташты

11-февраль, 17:00
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликти жактаган блогер, фейктерге карата акыл-эстүүлөр аркылуу кеңеш айттырып коюшпайбы? А болбосо соцтармактардан Садыр Жапаровду мактоого алып жатышып, ошого катар оозго алгыс сөздөр менен оппозициялык маанайдагы саясатчыларды, эркин журналисттерди шыбап өтүшөт. Ушундай ыплас пиар кампанияны күчөтүп атышса, коомчулук ичиркенүүдө. Алардын аттарын жазууга да дит барбайт. Негизи демократиялуу өлкө болгон соң, сынчыл көз караштар, конструктивдүү ой-пикирлер айтылып турушу кажет. Ыксыз пиарщиктер бийликке карата симпатия жаратуунун ордуна буза башташканын билишпейби? Мындай илең-салаң, “сен жинди” деген маалыматтык күрөш менен алыска баруу мүмкүн эмес. Андыктан, президент айланасын саресепке салып, жаңыланууга барышы зарыл. Эрегишүү, кек сактоо, чукулашмай, ач айкырык, куу сүрөөнгө алуунун мааниси канчалык? Өзгөрүүгө убакыт келди да.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер