Мавлян Аскарбеков: «7-чакырылыштын депутаттарынын легитимдүүлүгүнө күмөн жаралды»


-- Расмий депутат макамына ээ боло электер Жогорку Кеңештеги кабинеттерди талашып, кеңсе тандап жатышканы айтылып жатат...
-- Тилекке каршы, эгер мен жаңылбасам эски депутаттардын 40 пайызга жакыны кайра келатат. Келгенде дагы жакшы, сапаттуу бөлүгү эмес, эл арасында күлкүгө калган «макалё», «сексалю» деген атка калган депутаттар келишкени калды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы али жарыяланган жок, мандат алыша элек, бирок кабинет талашып жүргөндөрү алардын деңгээли, максаты, түшүнүгүнөн ачык кабар берип турат. Чечим чыга электе кеңсе тандагандардан кыргыз эли, бийлик эмнени күтсө болот? Алардын кандай жол менен келе жатканын баардыгыбыз билебиз. Бул 7-чакырылыштын депутаттарынын легитимдүүлүгүнө күмөн жаратты.
-- Жогоруда айткандай, алар депутат боло элек. Ошентсе да алды камала баштады. Бул жаңы түзүлө турган парламенттин репутациясына көө жапкан жокпу?
-- Албетте, бул жакшы көрүнүш эмес, ансыз да кадыры анчалык жогору болбогон депутаттардын, парламенттин рейтингине көлөкө түшүрдү. Бирок ал адамдын кандай экени башынан эле көпчүлүккө белгилүү болчу. Юридикалык жактан анын бүгүнкү иш боюнча камалганы бир маселе, бирок ошондой кишилердин шайлоого катышып, акча таратып, көктүгүн салып, утуп алганы, бул ошол бир мандаттуу округдардагы тандоо таза эмес өткөндүгүнүн далили. Укук коргоо органдары ал өтүп алгандан кийин ойгонуп, кылмыш ишин козгоп камаганы да бир аз туура эмес. Мындайлардын алдын алышы керек эле да. Арам жол менен чогулткан акчаларын элге таратып жаткан жеринен күч органдары кармап, учурунда реакция кылганда шайлоо дагы таза өтмөк, ууру, кески коррупционерлер да шайланып келмек эмес.
-- Жаңы парламенттин спикери да тандалып жатканы айтылууда...
-- Азырынча тандалып келаткандар арасында кимиси татыктуу же спикерликти жөндөп кете алат деп айтуу эрте. Бүгүн көп добуш алгандар мамлекетти, элди түйшөлткөн көйгөй боюнча ой кошкондун ордуна таптакыр башка нерсе менен алек. Министрлер кабинетинин, президенттин кайсы бир чечимдерине реакция кылып, пикирин айткандарын же экономика, социалдык жагдай, элдин жашоо шарты туурасында сөз кылган, сунуштарын берген бир дагы келечектеги депутаттарды көрбөй жатам. Ушул чакырылышка шайланып келаткандардын кабинет талашканы, келбей жатып камалгандары, төрагалык креслого жулунгандары алардын сапатынын көрсөткүчү.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити











