Аида Исатбек кызы: “Кийинки жыйыныбыз да алыскы райондордун биринде өтөт”

-- Аида Исатбековна, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп келген экенсиздер. Ал кайсы жерде өттү?
-- Биз биринчи көчмө жыйынды Ош облусунан баштадык. Себеби, бул облуста калктын саны, социалдык объектилер да көп эмеспи. Үч күн жүрүп, райондорду кыдырып, көйгөйлүү социалдык объектилерди өз көзүбүз менен көрдүк. Мисалы, Чоң-Алайдагы бир мектеп 1961-жылы үй катары салынып, 1965-жылы мектепке берилген экен. Бүгүнкү күндө ал мектепте 300дөй окуучу билим алууда. Чынын айтканда, шарттары өтө начар, окуучулар ысык тамак ичишпейт, баштапкы класстарга гана булочка менен чай берилет экен. Биз комитеттин отурумунда бул мектеп боюнча чечим кабыл алдык. Буюрса, жаңы мектеп 2023-жылдын планына кирет. Биз да өз көзөмөлүбүзгө алып, ишти жылдырууга жардам беребиз.
-- Кийинки көчмө жыйын кайсы жерде өтөт?
-- Ал азырынча белгисиз. Себеби, кечээки сапарыбыз абдан оор болду. Өзүңүздөр билгендей, Чоң-Алай эң алыскы райондордун бири. Карамык айылында кар тизеден, 17 градус суук экен. Ашуудан ашкан да бир топ кыйынга турду. Кийинки жыйыныбызды деле алыскы райондордун биринде өткөрөбүз деп ойлоп жатабыз. Бирок, кайсы район экенин комитет мүчөлөрү менен кеңешип чечебиз го.
-- Баса, Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы мектептин курулушу эмне болду?
-- Анын курулушу 2015-жылы башталган, бирок бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Буга чейин “бюджеттен акча бөлүнбөй жатат” деп шылтоолоп келишкен эле. Мен депутат болуп келген бир жылдан бери улам бир эшикти каккылап, ар кимден суранып атып акча котортконбуз. Бирок, УКС аны подрядчыга которуп бериптир. Күзүндө барып кабар алсам, дубалы шыбалып, электр зымдары тартылгандан башка эч кандай жумуш жасалбаптыр. УКС, мамкурулуш тендер өткөрүп жатканда өздөрүнө таандык 3 пайыз акысын алып калышат. Демек, подрядчик өз ишин кандай алып барып жатканын текшерип, көзөмөлдөө алардын милдети. Бирок, алар андай ишти жасашкан жок. Ошол себептен мен төрагага да, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө да кайрылып, протоколдук тапшырма берүүнү, эгер анда да жылыш болбосо, прокуратурага кайрылууну сунуштадым.
"Азия Ньюс" гезити