Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң резервден кичинекей сунуш...

Чоң резервден кичинекей сунуш...

23-ноябрь, 09:00
327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кудайга ишенейин деп ойлойм, бирок өтө эле акылдуумун. Ишенбейин дейм, бирок өтө алсызмын” дейт атеист. Анын сыңарыңдай, пандемия учурунда ар жалгыздык чын эле алсыз болорун көрсөтүп койду. Өзгөчө тажик тарап менен чек ара кагылышуусу болгондо элибизге биримдик, боордоштук сезимдерибиз биринчи орунга чыкты. Эми алдыда боло турган элдик курултайда идеологиянын өзөктүү багыттары да айтылат деген ойдомун. Айтор, коомубуздун өнүгүү жолдору аныкталып, азыркы тил менен айтканда, “жол картасы” такталат.

Биз парламенттик башкаруу системасынан президенттик системага өтүп жаткан кезибиз. Баарыбыздын эле кыялыбыз өз алдынча өнүккөн мамлекет болуп, элибиздин кредит менен карызы жок кут орногон өлкө болсок дейбиз. Андай жашоого жетиш үчүн убакыт жана чыдамдуулук керек болот. Машина жүрүп баратканда майда-барат бузук чыгып калса, токтоп, оңдой салып, байсалдуу сапарды улантса болот. Мен дагы ошол сыяктуу эки сунушту ортого салгым келди.

Биринчиси, Жогорку Кеңеш жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө мыйзамды кайрадан иштеп чыгуусу зарыл. Учурдагы мыйзамдык актылар талаптарга толук жооп бере албай жаткандыгын качып кеткен аким, мэр, губернаторлор айкындашты.

Экинчиси, америкалыктар айтышат, “биздин бирден-бир таянарыбыз, коргой турган да, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары суктана турган да көз карандысыз сот системасын орното алдык” деп. Мисалы, Түштүк Корея АКШнын Конституциясын, ошону менен бирге алардын сот бийлигине байланыштуу кодекстерди, мыйзамдарды сөзмө-сөз маанисин бузбай которуп алышып, Түндүк Кореяга караганда акыйкат жашап келишет. Кыргыз эли өзүбүз жакшы билебиз, демократияны колдогон элбиз, куру намысты токтотуп, Түштүк Корея Республикасынан үлгү алып, акыйкат мыйзамдарды орнотсок, абдан жакшы болгону турат. Ушул суроону жактоочу, юристтерден сурап көрсөм, “аларда присяжный заседателдер бар, биз кантип тандайбыз?” дешет. Элдик курултайга делегаттарды тандабады, балким ушундай жобо иштеп чыгып, кыргызда “жетинин бири Кыдыр” дегендей, “соттордун жети калысы” же “отурумдун калысы” деген макам тандап алсак, акыйкатка чоң арыш жасаган болот элек. “Көп түкүрсө көл болот эмеспи”, сунуштар электен өтүп элге жетет. 

Элдик курултай аарылардан үлгү алып, биригип бал жыйнайт деген үмүтүм бар. Журтубузга тынчтык, эркиндик, теңдик жана боордоштук орносун!


Кубат Муса, Балыкчы шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер