Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонбек Абыкеев: “Башмыйзамды улутташтырып, келечекке кам көрөлү”

Чолпонбек Абыкеев: “Башмыйзамды улутташтырып, келечекке кам көрөлү”

12-декабрь, 11:02
1 700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чолпонбек агай, Башмыйзам долбоорун талкуулап жатып, улутубуз, кыргыз элибиз үчүн кам көргөн өзгөчө идеяларды көтөрүп, сунуштап чыктыңыздар. Бул боюнча кененирээк өзүңүз дагы айта кетсеңиз?

--Учурда Башмыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз. Долбоорду талкуулоодо Башмыйзамды улуттук Башмыйзам кылууга, улутубуздун келечегине кам көрүүгө аракеттер болууда. Анын ичинде өз мекенибиз Кыргызстанда гана өсүп-өнүгө алабыз, Кыргызстанда гана салтыбызды сактай алабыз. Мунун баарын Башмыйзамда чагылдырганга аракет көрүлүп жатат. Себеби, буга чейинки Башмыйзамдарда кыргыз улуту жөнүндө каймана эле сөз болбосо, тикелей сөз болчу эмес. Маселе козголчу эмес. Биз, кыргыздар Кыргызстанда эле өнүгө аларыбызды жакшы түшүнөбүз, биздин улут катары өнүгө ала турган башка жерибиз жок. Ал эми Кыргызстанда жашаган көптөгөн башка улуттардын өздөрүнүн түпкү мамлекеттери же улуттары бар. Мисалы, орус улутундагылар үчүн килейген Россия, өзбек, казак туугандарыбыз үчүн өз өлкөлөрү турат. Алардын наркы, салты, улуту жок болуп кетет деген коркунучтар жок. Кыргыздар эгер нарк-салтыбызга, тилибизге өзгөчөлүгүбүзгө кам көрө албасак, анда биздин келечегибиз коркунучта. Ошондуктан ушул маңыздагы талаптарды Башмыйзамга киргизүүгө аракет кылдык. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер