Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдир Бова: “Массалык паспорт чогултуу – добуш сатып алууга барабар”

Эдир Бова: “Массалык паспорт чогултуу – добуш сатып алууга барабар”

11-сентябрь, 22:48
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көз карандысыз “Таза шайлоо ассоциациясы” бирикмесинин директору Эдир Бованын айтымында, шайлоо жакындаган сайын өлкөдө массалык паспорт чогултуу күчөгөн. Буга талапкерлердин белгиленген участоктон добуш алуу аракети себеп болууда.  


-- Шайлоого карата массалык паспорт чогултуу болуп жатканы айтылууда. Сиздерде кандай маалымат бар?

-- Ооба, бизде мындай маалыматтар бар. Билдирүүлөр алыскы аймактардан да келүүдө. Байкообузга караганда, бул ыкма шайлоочулардын шайлоого катышуусун камсыздаш үчүн “даректерин алмаштырууга мажбур” деп аткарылып жатат. Азырынча мыйзамдын негизинде форма №2ни жөнгө салуу мүмкүн эмес. Мындай учурлар айрыкча ири шаарларда – Бишкек менен Ошто көп катталып жатат. Анткени, мыйзам боюнча шаарда каттоосу жок жарандардын форма №2  документи аркылуу борбордо добуш берүүсүнө жол берилет. Бирок, айрым талапкерлердин ички миграцияны кайсы бир участоктон жетиштүү добуш алууга колдонуп жатканы өкүндүрөт. 

-- Муну добуш сатып алуу деп атасак болобу?

-- Жарандардын көпчүлүгү айылда жумуштун жоктугунан шаарда иштеп жан багышат. Мындан улам шайлоо учурунда бир күнгө катталган жерине бара албай калышы мүмкүн. Мыйзам форма №2ге ушундай абалда гана жол берет. Өкүнүчтүүсү,   талапкерлердин  муну  өз пайдасына колдонуп жатканында болууда. Алар туугандарын, тааныштарын өздөрү ат салышкан участокко “катталып бергиле” деп суранышат. Албетте, шайлоочулар буга жөн эле макул боло койбойт. Ошондуктан, биздин борбор муну “добуш сатып алуу” деп баалайт.  

-- БШК буга таасир эте албайбы? 

-- Тилекке каршы, муну жөнгө салуу механизмдери жок. БШК мамлекеттик каттоо кызматына бир дарекке ондон ашык адамды каттоого албоо сунушун берген. Бирок, аны көзөмөлдөп туруу кыйын. Учурда катталган адамдардын саны өтө көп болууда. Ал эми биздеги  шайлоо участкалары  эки жарым миң   шайлоочуга ылайыкталган. Бул шайлоо комиссиясынын ишине оордук жаратып, кошумча участокторду ачууга мажбур кылып жатат. Албетте, мындан партия өкүлдөрүнө да жеңил эмес. Жакында эле президенттин катышуусунда болуп өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабга массалык каттоо фактыларын аныктоо, тийешелүү жазасын берүү тапшырылган. Азырынча андай далил ачыкка чыга элек. Балким, кийинки шайлоолордо бул жөнгө салынып калат деп үмүттөнөбүз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер