Бабанов шайлоо күнү жакындаганда каражатын алып чыгары болжонууда
“Республика” партиясы шайлоого бир калыптагы нук менен баратат. Башкалардан өзгөчөлөнүп деле кеткен жок. Партиянын түптөөчүсү Өмүрбек Бабанов азырынча каражат жагын бөлө элек экен. Алгач талапкерлери өз дараметтерин көргөзүшсө, жеңишке карай аракеттери болсо, ошого жараша Бабановдун колдоосу болору айтылууда. Сыягы, сентябрдын ортосунан кийин “республикачылар” чыңалып, катуу киришүүгө бел байлашары каңкууланды. Негизи эле Өмүрбек Токтогулович чечүүчү ыңгайда күлүк аргымактай суурулуп чыгат эмеспи. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, “Республика” партиясы шайлоо күнүнө жакындаганда ар тарабынан күчтөнөрү болжонуп калыптыр. Бул жагынан Бабанов тажрыйбалуу да, эч ким күтпөгөн мезгилде, ыңгайга, кырдаалга жараша уруп чыгып кетпейби? Каражатты ошондо чачабы?
"Азия Ньюс" гезити