Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украин-орус сүйлөшүүлөрү шарттарды тактоо үчүн "тыныгуу" алды

Украин-орус сүйлөшүүлөрү шарттарды тактоо үчүн "тыныгуу" алды

15-март, 12:06
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы “техникалык тыныгуудан” кийин 15-мартта кайра уланат. Тынчтыкка жетишүү маселеси эртең жыйынтыктала турган болду. Бул тууралуу эки тараптын делегация мүчөлөрү ырасташты.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин улук кеңешчиси Михайло Подоляктын айтымында, бул тыныгуу "жумушчу топтор иштеп, кеңешүүсүнө кошумча убакыт берүү жана аныктамаларды тактоого" мүмкүндүк берет.

Подоляк сүйлөшүүдө ок атышууну дароо токтотуу, орус аскерлерин өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгарып кетүү жана коопсуздук кепилдигин алуу боюнча оор талаш-тартыштар болгонун айтты.

Буга чейинки үч жолку бетме-бет жолугушуудан кийинки видеобайланыш аркылуу өткөн сүйлөшүүлөр Орусиянын Украинага аба соккулары жана жерден зениттик-артиллериялык аткылоосун күчөтүп жаткан учурга туш келген.

Бул дипломатиялык аракеттер орус аскерлери Украинанын баш калаасына жана башка ири шаарларга кысымын улантып жатканына карабай, Москва дагы көп жарандарды "жашыл коридорлор" аркылуу эвакуациялоого жол ачат деген үмүт жаратууда.

Мурунку сүйлөшүүлөрдө тараптар алдыга жылыштар болбогонун, бир чечимге келүү кыйын болуп жатканын белгилешкен. Анын айынан жүз миңдеген адамдар тамак-аш, суу жана дары-дармектин тартыштыгына дуушар болгону айтылган эле.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер