Медербек Алиев: “Курултай кеңеш берүүчү орган катары чектелиши кажет”


-- Медербек Кубанычович, тармактык комитет элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке какты. Комитеттин төрагасы катары долбоор боюнча сиздин жеке пикириңиз кандай?
-- Курултай каалайбызбы-каалабайбызбы, Конституцияда консультативдик- кеңеш берүүчү орган катары жазылып калган. Юридикалык жагынан алганда, эртеби-кечпи мыйзам кабыл алынышы керек. Бирок, курултай жалпы коомчулуктун пикирин билдирген, маселелерди айткан гана кеңеш берүүчү орган болуп чектелиши кажет. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү администрациялардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартып, же отчет ала турган орган болбоого тийиш. Классикалык форматта үч бийлик бутагы бар. Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги. Ошон үчүн куралтайга биз өтө этияттык менен карашыбыз керек.
-- Анда институт катары курултай керек дейсизби?
-- Консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары мен каршы эмесмин. Бирок, дүйнөлүк тажрыйбада каралган, Конституцияда жазылган үч бийлик бутагынын классикалык форматынан чыкпашыбыз керек.
-- Эми долбоордун келечеги кандай болот?
-- Жакын арада билинет. Азырынча белгисиз.
"Азия Ньюс" гезити











