Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Койлубаев: “Кунандын” толук тышкы чиймеси жана ички жасалгасы бизге таандык, түсү ак”

Медер Койлубаев: “Кунандын” толук тышкы чиймеси жана ички жасалгасы бизге таандык, түсү ак”

24-сентябрь, 12:00
1 236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медер инимдин жаратмандык дагы бир ишине коомчулук күбө болду. Буга чейин эки автоунаанын долбоорун түзүп, курап чыгып, эл алдына тартуулаган эле. Бу жолку “Кунан тайтору” темир тулпарын бери дегенде 6 жылдын ичинде жүзөгө ашырды. Бүт баарын өз колу менен ар бир тетигин кылдаттыкта кынаптап чыкканын баарыбыз көрдүк. 

-- Медер, жакында Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) үлгүсүндөгү темир унааны курап, коомчулукка алып чыктың. Анын идеясы кайдан келип чыкты?

-- Кунан – бизде (көчмөн кыргыздарда) курагы үчкө толгон аттын аталышы. Ошол себептен азыркы долбоорубуз тизмеде 3-болуп келет. Атына заты жарашыктуу болсун деп “Кунанга токтодум. Тайтору болсо Манас эпосундагы эң ылдам, желдей учкан күлүктүн аты.

-- “Кунан тайторунун” техникалык мүнөздөмөсүнө токтолсоң? 

-- Бизде кыймылдаткычы орто – аркасындагы рамага карматылып жана “Субару BL5” унаасынын 2 литр, оппозиттүү моно турбо 300 аттын күчү болгон кыймылдаткычы орнотулган. Унаанын узундугу 4750 см. Алдыңкы дөңгөлөктүн кенендиги 1900 см, аркасы 2003 сантиметрди түзөт. Бийиктиги 1200 см, эки орундуу унаа. Купе классына дал келет.

-- Мурунку "Карагер жоргодон" эмнеси менен айырмаланып турат?

-- “Карагерден” айырмасы – кыймылдаткычы аркасында жана “Кунандын” толук тышкы чиймеси, ички жасалгасы бизге таандык, түсү ак.

-- “Кунан тайторуну” коомчулук кандай кабыл алды жана алдыдагы максаттарың?

-- Коомчулук жакшы кабыл алды, арасында түшүнбөгөндөр да пайда болду, терс ойлорун коомдук маалымат булактарында жазышып. Азыркы учурда толугу менен керектелүүчү кагаздарын ойдогудай ишке ашыруу аракеттери жүрүп жатат. Буюрса, баары ойдогудай болот деген ишеним бар. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер