Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Салык маселеси саясатташып кетти, тарифттер да туруктуу эмес. Эл эмне дейт?”

“Салык маселеси саясатташып кетти, тарифттер да туруктуу эмес. Эл эмне дейт?”

21-февраль, 19:28
1 302 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Салыктын баардык түрлөрү, тарифтер өсүп атат. Ушул таризде саресеп салып, чечмелесек кандай? Эл кыйналып кеткен жокпу?” деген собол таштадык.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер: 

-- Эмнеге салык менен тарифтердин баасын көтөрүп атат? Бизде аппарат башкаруулар эбегейсиз көп. Ал жерде “ичип-жегичтер” чогулган. Эмне үчүн облустарды, райондорду, айыл өкмөттөрдү ирилештирбейт, кыскартпайт? Ушундай маселелер бар. Кытайдын бир эле шаарында 6 миллион эл бар. Аны бир эле мэрия башкарып, тейлеп атат. Ал эми Бишкек шаарында төрт район бар. Булардын баарын эмнеге жойбой жатышат? Себеби, мынча кызмат шайлоого гана керек, тийешелүү добуш алып бериш үчүн. Мындан сырткары, бюджетти коромжу кылган ишканалар көп. Мамлекет алардан да кутулуусу зарыл. Экинчиси, жер байлыктары кайда кетип атат? Бу жагы да түшүнүксүз. Мына ушулардын баарын тартипке келтиргенден кийин гана чыгым азаят, казынабыз толот. Эми мына, жакында сууга, электр жарыгына болгон тариф көтөрүлгөнү турат. Бизде суунун, электр энергиянын тарифин көтөрүү – бул былжыраган кеп да, чынбы? Түркмөнстанды алалы, алардын газы ж.б. бекер. Бүт баардыгы союз доорунда салынган ГЭСтер, электр чубалгылары. Андан бери эч нерсени өзгөрткөн жок. Бизде дагы бир кызык адат пайда болду, тапкан-ташыгандарын ажылыкка сарптаган. Болбоду дегенде киши башына 5000 доллар кетип атат. Ошол акчаны “жөөттөргө” берип, калтырып келгенден көрө, жеке ишкана ачып, мамлекетке салык төлөп, казынаны толтуруунун аркетин кылышса болбойт беле?!

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Светке, сууга, бензинге, кыскасы, баарына бир мезгилде салыкты көтөрө берсе, элде нааразылык пайда болот дагы, акыры чыдабай, көтөрүлүүгө аргасыздык жаралбайбы? Мындай чечим дегеле туура эмес. Эгер этап-этабы менен баштаса бир жөн. Бул өкмөт өтө туура эмес иштерди жасоодо. Элди да ойлош керек. Баары эле күргүштөп акча таап аткан жок. Нан, чай менен отургандар бар. Элди тегиз карап, иш кылуу кажет. Тарифтерди көтөрүүдөн мурда сурамжылоо кылып, элдин социалдык абалына мониторинг жасап, кандай көйгөйлөр бар экенин анализдеп, анан акырындап тарифти, салыкты көтөрүү керек эле. Баарын бир мезгилге байлаган –бул болбогон иш. Элдин чыдамы чектелүү экенин өкмөт эске албаса, мындай кадамдын арты жакшылыкча бүтпөйт...

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- “Патриотизм – бул салык төлөө! Мекенди мендей эч ким сүйбөс!” деп көкүрөк кагып, бирок салыгын өздөрү төлөбөгөн саясатчы сымалдар элди “салык төлөгүлө” деп мажбурлашууда. Муну кандай түшүнсөк болот? Пандемия, андан кийинки Россиядагы кырдаал биздин ал жакта иштеген мекендештерибизге терс таасирин тийгизип, кымбатчылык каптап, элибиздин капчыгын эңшерүүдө. Ошондуктан азыркы акыбалыбызга карап, анан жылкыбызга жараша ышкырсак туура болор эле. Ал эми коммуналдык төлөмдөрдүн тарифи көтөрүлүп атканын акылга сыйбаган иш катары баамдаса болот. “Чырдын башы – бок жебе!” деп кыргыздар айткан. 2010-жылдагы окуялар кайталанбаш үчүн баарын ойлонуп жасаш керек. Элдин эсинен көп нерселер кете элек. 

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

-- Ооба, салык маселеси азыр бизде абдан саясатташып кетти. Мындай кырдаал туура эмес. Салыктын түрлөрү өсүп жаткандыгы чын. Тарифтер дагы стабилдүү эмес. Алтургай күндө керектелүүчү азык-түлүктүн баасы дагы туруктуулуктан алыс. Министрлер кабинети 2022-жылдагы салык 63,8 миллиард сомго көтөрүлгөнүн жар салды. Дурус дейли. Бирок, ал эмненин эсебинен өсүп жатат? Өлкөбүздө 65 миң ишкер контролдук-кассалык аппараттарды колдонору айкын болду. Бул дагы жакшы! Бирок, элдин жыргалчылыгын арттырууда бир гана салык маселесин кыстап чечүү жетишерлик эмес да! Биз биринчи кезекте ири өндүрүш ишканаларын оң жолго салуубуз абзел. Ошондо гана салыктар "жакшылык айлампасы" деген аталышка татыктуу боло алат. Натыйжада, эмгек акылар, пенсиялар менен жөлөк пулдар көбөйөт. Инфраструктураларга, экономиканы көтөрүүгө жана өлкө коопсуздугун чыңдоого инвестициялоого болот.

 Коррупцияны иш жүзүндө ооздуктап, накталай эмес салык төлөмдөрүн көбөйтсөк жакшы болмок. Дүйнөлүк практикада бул көрсөткүч 98%га чейин өссө, бизде болгону 19% экен! Ушул кантип болсун?! Уят да! Бул багытта катуу күрөш жүргүзүү – учурдун кечиктирилгис талабы!  

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Баардык өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет 70% салык алат. А бизде болгону 27% деп атышат, мурун мындан да төмөн көрсөткүч болчу. Пайыздык өсүш дагы көтөрүлүшү керек. Менимче, ККМди киргизгени салыкка оң таасирин тийгизип аткан өңдүү. Миллиарддаган каражаттар аткезчилик жол менен мамлекетке түшпөй атканы боюнча ачыкталды. ККМди жаңыдан киргизгенде кээ бир жеке ишкерлер, өзгөчө сырттан аткезчилик жол менен шугулдангандар митингге чыгып, “даярданып алып ККМди киргизиш керек болчу” деп курулай шылтоо менен саясый туруктуулукка шек келтирип, козголоң чыгарганга чейин барышкан. Көрсө, санариптик көзөмөл алардын капчыгына доо келтирип аткан өңдүү. Салык тармагында ККМди киргизгенин мен туура эле көрүп атам. Ал эми тарифтердин жогорулап атканы карапайым элге кыйын болууда. Бу жагын өкмөт дагы бир ирет карап көрсө жакшы болмок.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер