Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаковду кол астындагылары тоготушпай, айтыша башташты

Чүй ОИИБ начальниги Дамирбек Исаковду кол астындагылары тоготушпай, айтыша башташты

04-декабрь, 19:30
2 743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Эрксизден жылмаясың да. Чүй ОИИБнин начальниги Дамирбек Исаковдун сырын өздүк курамы билип бүтүптүр. Иштин көзүн билбегени, натыйжалуу талап коё албаганы, жетекчилик демилгеси жоктугу, айтор, деңгээли өспөгөн, чабал кадр экени байкалып калыптыр. Мунун кесепетинен Чүй ОИИБнин борбордук аппаратында тартип болбой, ал эми Сары Өзөндү бойлогон РИИБ начальниктери өз жумуштары менен алек болушуп, Дамирбек Исаковду жетекчи катары санабай калышканы кандай? Тоготушпайт, айрымдары тил кайрышып, айтыша да кетишери талкууга алынууда. ИИМдин ички иликтөө кызматы тымызын текшерип, талдоо жүргүзүп, Дамирбек Исаковдун иштей албай атканы боюнча баа берип койсо болот да. Же сөзсүз эле Бурулай, Айзадалар өлтүрүлүшү керекпи? Балким РИИБ начальниктери эки-үчтөн топтошуп алышып, мас болушуп, былчылдаша мушташкандан кийин козголосуңарбы? “Абалардын кадры” деп эле Дамирбек Исаковду креслосун кайтартып отура берсеңер, бир күнү жаңжал чыгат го? Негизи Чүй ОИИБнин курамында иштей турган профессионал кадрлар бар. Бирок алардын “крышасы” жок, өспөй атат да. “Кол ийрисине тарткан” шекилден улам милициянын кадр саясаты оңолбой, улам бир жерден чуу чыгууда. Качан сабак аласыңар?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер