Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзабек Өзүбеков: “Туруктуу абал болсо, акырындан чет өлкөлүк туристтер келе баштайт”

Мырзабек Өзүбеков: “Туруктуу абал болсо, акырындан чет өлкөлүк туристтер келе баштайт”

11-май, 17:51
750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Туризм багыты кандайдыр бир деңгээлде бюджетибиз үчүн киреше булагы эле. Бирок, эпидемияга байланыштуу бул жылы өнүгүп келе жаткан туризм да өтө жан кейиткен абалда. Биз бүгүн “Кыргыз туризм” компаниясынын өкүлү Мырзабек Өзүбеков менен маек курдук.

-- Өткөн жылы пандемияга байланыштуу туризм жокко эсе болду. Бул жылы жандануу барбы?

-- Быйыл тоо туризми боюнча кичине жандануу болорунан үмүттөнүп атабыз. Баардык эле туроператорлор азырынча ушундай көз карашта. Жайында кандайдыр бир жылыштар болот, шериктештер акырындык менен беш-алтыдан, он чактыдан туристтерди жөнөтүүгө даярданышууда. Бирок, тилекке каршы, мурунку көрсөткүчтөргө жетпейт... Тоодогу бозүй лагерлери да камданып жатышат. Эгерде пандемия оорлошуп кетпесе, биздин мамлекетте чектөөлөр киргизилбесе, мындайча айтканда, туруктуу абал болсо, июндун жарымынан баштап акырындан чет өлкөлүк туристтер келип баштайт. 

Биринчиден, биз күткөн туристтердин көпчүлүгү вакцина алгандар болсо, мына ошолор келип баштайт го.  Такталган, 100%дык кепилдик менен брондор жок. Алдын ала туристтерден кепилдик менен депозиттерди эч ким сураган жок. Баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошентсе дагы биринчи кезекте жеке туристтерди күтүп жатабыз. Негизинен алар Израиль мамлекети жана башка пандемия көрсөткүчтөрү стабилдешкен, элдин көбү вакцина алган өлкөлөрдөн келип башташы мүмкүн. Мындан тышкары, “Манас” аэропорту аркылуу авиакаттамдардын арзаныраак болушу, көбөйүшү Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн көп келишине шарт түзөт.

Авиакаттамдардын иши жанданса, акырындык менен тоо туризми да жандана баштайт.

-- Чет өлкөлүктөр жерибиздеги кандай кооздуктарга кызыгышат?

-- Кыргызстандын баардык аймактарын камтыган тоо туризми кызыктырат. Биздин кардарлар тоолордо жөө саякаттап, ат минип, көчмөндөрдүн маданиятына, жашоосуна кызыккан, ажайып жаратылышка суктанган катмарды айтсам болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер