Акыркы кабарлар
» Саясат » Болотбек Тиллебаев УТРКны кошоматчылар менен кургуйга тыгабы?
Болотбек Тиллебаев УТРКны кошоматчылар менен кургуйга тыгабы?
18-июнь, 21:00
680 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Акырындык менен УТРКдан чыныгы профессионалдар, чыгармачыл демдүү кадрлар кете беришип, барган сайын гендиректор Болотбек Тиллебаев кошоматчылардын курчоосунда калганына кандай дейсиңер? Мамлекеттик саясатты өргө тарта алышпай, улуттук идеологияны аксатышканы жалганбы? Айтор, кабыргасынан маселе коюп, суроо салсаң арбын. Болотбек Тиллебаев президенттин администрациясынан кабат-кабат “крышаларды” таап алып, ошого корстон тарта жүргөн чагы. УТРКны көтөргөнгө билими, тажрыйбасы жетпегени ыраспы? Мындай жасалма жүрүш менен канчалык кыянаттыкта атын чапкылайт болду экен? Жагымпоздор алыс деле узачу эмес. Бирок азыркы заманда ушундай “үйүр салгандар” арбып баратат го? Жылмаясың да...
"Азия Ньюс" гезити