Акыркы кабарлар
» Коом » Койдун башы үчүн кыйылган өмүр
Койдун башы үчүн кыйылган өмүр
05-декабрь, 14:22
1 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өгөй энесин өлтүргөн уул, агасын мыкаачылык менен тынчытып өрттөп жиберген бир тууган жана кичинекей кызын зордуктап келген ата сыяктуу иштерди фемида өкүлдөрү карап чыкты.
Борбор калаанын четинде иштеген касапчы кесиптеши менен уруша кетип, аны бычак менен эки жолу сайып жиберген. Алар куйкаланган койдун башын талашып мушташкан. Бычак жеген эркек ооруканада көз жумган. Маркум эки баланын атасы эле. Бычак урган киши кылганын толугу менен мойнуна алып, сот аны 14 жылга кесип, 130 миң сом төлөмөр кылды.
"Азия Ньюс" гезити