Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетов: “Окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин сунуш-пикирлерин таразалап алуу – мен үчүн абдан баалуу”

Сүйүнбек Касмамбетов: “Окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин сунуш-пикирлерин таразалап алуу – мен үчүн абдан баалуу”

03-январь, 16:51
1 575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ 29-декабрда Ишеналы Арабаев атындагы университеттин китепканасында «Идеология: актуалдуулугу жана келечекке перспективалары» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов баштаган илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты. “Тегерек үстөлдүн” алкагында Кыргыз Республикасындагы идеологиялык долбоорлор (философиялык-методологиялык аспектилери), экологиялык идеология, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатын ишке ашыруудагы идеологиялык компонент жана башкалар талкууланды. Учурдан пайдаланып, Сүйүнбек Сапарбековичке бир нече собол берип үлгүрдүм.

-- Сүйүнбек мырза, бүгүнкү иш-чара боюнча алгач оюңузду уксак?

-- Жолугушуунун негизги максаты – мамлекеттик идеология боюнча ар кыл тарапта аракеттенген, алектенген окумуштуулар менен, арасында жаштары, улгайып калган эже-агалардын пикирин угуу боюнча мамлекеттик катчы катары асыл ойлорун чогултуп, изги тилектерин алайын деп келгем. 2022-жылдан тарта келечегибизде кайсы ураан, кайсы чакырыктын астында иш алпарабыз, кандай пикирлер менен макул болобуз, идеологиялык: маданий, улуттук, нарктуулук, баалуулуктарды кантип өнүктүрөбүз? Учурдагы акыбалды айтсак элдин кулагына жетеби, айтпай койсок не болот? Айтканда кантип айтуу керек? Кантип жеткиликтүү кыла алабыз? Мына ушул ойлорду, иш-аракеттерди жүзөгө ашырыш үчүн окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин сунуш-пикирлерин таразалап алуу – мен үчүн абдан баалуу. 

-- Айтсаңыз, мындай жолгушуулар биринчи эле жолу болуп аткан жок да?

-- Буга чейин көп эле жерде жолугушуулар болду, бу жолкусу акыркысы эмес. Кудай буюрса уланат. Азыр бир нерсе эсиме “кылт” этти. Жакында эле Жусуп Абрахмановдун күндөлүгүн окуп чыктым. Жаштардын 3-съезди болот. 19га жаңы чыккан, Кыргызстандан барган Жусуп Абдрахмановдун жанына Владимир Ильич Ленин отуруп калат. Ошондо шапкесин эки бүктөй кармап, “вы откуда?” деп сурайт экен. “Кыргызстанданмын” деп, экөө андан ары сүйлөшө кетишет. “Элиңер канча? Кайсы өлкөлөр менен чектешсиңер?” дейт. Жусуп Абдрахманов: “Биз орус тилин аябай өнүктүрүп атабыз. Иш кагаздарын эки тилде жүргүзүп...” дегенде эле Владимир Ильич: “Жок, силер өзүңөрдүн иш кагазыңарды эне тилиңерде жазышыңар керек. Биздин БКнын негизги саясатын жөнөкөй тилиңер менен элге жеткиргиле. Москванын тили менен айтсаңар түшүнбөй калышы мүмкүн. Сөзмө-сөз которууга убактыңар жок. Маанисин ачып бергиле...” деп айтканын күндөлүгүнө жазып коюптур. Ошол эле күндөлүктүн 27-бетинде “Бүгүн мени чакырып атат. Биз 1-кабатта Иосиф Сталин менен жолугат экенбиз” дептир. Ошол кезде кыргыздын 19-21 жаштагы кайсы жигити Ленин, Сталин менен жолугуптур? Ким эле ошол кезде “кыргыз эли өзүнчө мамлекет катары түптөлөбүз, автономия болбойбуз” дептир? Азыркы 21 жаштагы бала Вотсап чукулап, Тик-токту тиктеп отурат да, чынбы? Мына ушандай жагдайларды биз кантип элге жеткиребиз? Кандай ыкма менен мамлекеттик идеологияны негиздей алабыз? Эмнеден баштайбыз? Али сөз көп...

-- Айкөл Манасчы?

-- Манас ар дайым көңүлүмдө турат. Манасчынын уулу болгондон кийин бул тема тыш калбады. Кыргызга белгилүү чыгармачыл инсан Турсун Уралиев агайыбыз көзү тирүүсүндө Саякбай Каралаевди жарым саатка жазып алууга даярданганын айтканы эсимде. А кезде манасчыны жарым саатка “Манас” айттыруу аябагандай чоң эрдик экен. “Саякбай Каралаев туурасы 70 метр келген Үргөнүчтүн суусун кечем деп бир күн кечке айтып туруп албадыбы. Күн кызарып батып калган кезде кечип өттү. Мен анан кайсы башым менен жарым саатка батырам?” дептир. Балбай Алагушев деген фольклорист, музыка изилдөөчү агайыбыз бар эле. А киши зыркырап айтчу эле, “Манаста” токсонго жакын кыргыздын музыкалык аспаптары айтылат. Бүгүнкү күндө ашып кетсе кыркка жакынын билебиз, калганы каякта?” дейт. Дагы бир окумуштуубуздун айтымында, ошол эле “Манас” эпосундагы Семетейдин Таласка келатып Бакайга жолукканын Саякбай Каралаев бери дегенде эки суткадан ашык айтчу экен. Мамлекеттин түзүлүшү тууралуу кепти Бакай атабыз Семетейге “Жетимиш бөлөк тил билген, жетимиш башка тон кийген, Аргын кандын Ажыбай” дептир. Ойлонуп көрсөк, ошондо болбоду дегенде жетимиш улуттун өкүлү жашаган тура...

-- Кыргыздын патриот уулу Акбаралы Айтикеев деген агам бар...

-- Тааныйм...

-- “Мамлекетибизди Манас – Кыргыз Республикасы деп жаңыча атаса болбойбу, “Манас” дегенде кыргыз элине дух берип, алгылыктуу өзгөрүүлөргө түрткү болот беле?” деген оюн ар дайым айтып келет. Буга сиздин көз карашыңыз?

-- Кыргыз мамлекети бойдон кала бериши керек. Кыргыздын Манасы анын жүрөгүнүн түпкүрүндө, тамырынын тереңинде! “Манас” – биздин көөнөргүс булагыбыз. Мамлекеттүүлүктүн, маданияттуулуктун, досчулуктун, улут аралык мамиленин, саясатты, жерди коргоонун негизги багыттарынын бири “Манасыбызда”. Манасты Манас бойдон сакташыбыз керек. Манас – Кыргыз Республикасы деп айтуу, менимче, азырынча эрте пикир. Бирок, мындай пикир эл ичинде жүрө бергени эң эле жакшы.          


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер