Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Төңкөрүш болбосо Сыймык Жапыкеевди кимдер камакка алышмак? Тизме...
Төңкөрүш болбосо Сыймык Жапыкеевди кимдер камакка алышмак? Тизме...
12-ноябрь, 13:54

Өткөн парламенттик шайлоо астында Сыймык Жапыкеевге карата саясый кылмыш иштери козголуп, камакка алынары болжонуп калган. Андагы министр Кашкар Жунушалиев, кызматкерлери Эркебек Аширходжаев, Раим Салиев жана Улан Ниязбеков баш болгон ИИМдин “армиясы” Сыймык Жапыкеевди шайлоодон кийин камакка алышарда, жаза тайып калышканбы? (Аширходжаев тергөөнү тескесе, Салиев кармап келүүгө ашыгып, Ниязбеков аңдуу-тыңшоо иштерин тыңдаганбы?) “Улуттар аралык кастыкты козутуу, мамлекеттик бийликти басып алууга чакырык жасады, Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркына шек келтирди” деген олуттуу айыптар тагылат беле? Тилекке каршы, октябрь төңкөрүшү болуп кетип, Сыймык Жапыкеев түрмөгө эмес, төргө отуруп алды.
"Азия Ньюс" гезити