Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулайманов менен Максат ажы Токтомушев кандай амал кылышты?..

Алтынбек Сулайманов менен Максат ажы Токтомушев кандай амал кылышты?..

23-март, 12:00
420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда диний радикалдашуу коркунучтуу, асыресе, курч мааниде. Себеби, буга чейин ар кандай жардыруулар орун алган (2016-жылкы Кытай элчилигине жасалган терракт сыяктуу). Ошого катар көмүскө агымдар, тескери чакырыктар толук кандуу көзөмөлгө алынган эмес. Атайын органдар үстүртөн гана аракет кылышкандай...

Кылдат саресеп салсак, бул багытта кооптоно турган жагдайлар бар. Тышкы күчтөр Кыргызстандагы кырдаалды өзгөртүүгө, диний лидерлерди алып чыгууга кызыкдар экени айтылып келет. Көрүнөө, көмүскөдөн байкалгандай, “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков еврей, арабдардын долбоору беле? Ислам мамлекети... Бул жакка буруп кетүүнүн заманбап үлгүсүн жараткан даяр лидер парламентте фракция жетектеп отурса, ойлоно турган кез келдиби? 

Мындан дагы таасирдүү, караңгы катмарга пайгамбардай эле сезилген Максат ажы Токтомушевди ким билбейт? Жакында эле президент Садыр Жапаров аны зекип, айрым сөздөрүн сынга алып, жеригендей ишарат жасады. (“Эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот” дегени үчүн). Аалым Чубак ажы өлгөндөн кийин ал биринчи сапка көтөрүлдү. Баш-оту менен берилген фанаттары, колдоочулары арбын. Миңдеген, он миңдеген күйөрмандары бар. Баса, 2021-жылы февралда Максат ажы муфтияттын 100 миллион сомдон ашык каражатын насыяга берип коюп, пайда таап жүргөнү боюнча шектелгени эсиңердеби? УКМК тарабынан камалган. Баш коргоо чарасын карагыча миңдеген диний фанаттары көтөрүлүш жасоого киришкеничи? Вотсап группаларда дүргүшүп, жактоочулары коркунуч келтире башташса, жетекчилер коркуп кетишкен. Анан тиги камактан чыгып кетип атпайбы...

“Дин саясаттан сырткары болушу керек” дейбиз. Бирок андай эмес. Бизде баары камыр-жумур аралашкан. Мисалы, бийликке оппозициялык көз караштагы Алтынбек Сулайманов өткөн жумада Максат ажы Токтомушев менен бирге ооз ачты. Даам сызууда көп сөздөр айтылды. Мындай жакындашуулар, биригүүлөр тегин жерден эмеспи? Кыкеңдер кызыкчылык жаралбаса жолугушпайт деле. Саясатчы менен молдонун көздөгөндөрү эмне? Бири-бирин сүрөшөбү? Бийликке жетүүнүн амалдарын көрүп жатышкан жокпу? Айтор, соболдор арбын. А жооптору экөөнүн ичинде купуя сыр катары сакталып тургандай... Ыңгайы келгенде үзөңгүлөр кагышып, теминип калышса керек...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер