Бакытбек Жумагулов: “Алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирүү үчүн БУУнун талаптарын аткаруу зарыл”

-- Бакыт мырза, БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриштин Борбор Азияга болгон сапарынан соң эмнеге токтолот элеңиз?
-- Антониу Гутерриштин Борбор Азияга болгон иш сапары БУУда кабыл алынган “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары” деген 17 пункттан турганпрограмманын алкагында болду. Ошон үчүн Кыргызстанга эле эмес, кошуна мамлекеттерге да иш сапар менен барып, кайсы өлкө канчалык деңгээлде программаны ишке ашырып жатканын, кандай жетишкендиктери бар экени тууралуу маалымат алып кетти.
-- Анын Кыргызстанга карата баа берүүсүн кандайча чечмелейсиз?
-- Антониу Гутерриштин Кыргызстанга болгон баасы өтө маанилүү. Анткени, ал глобалдык деңгээлдеги фигура болуп саналат. “Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп жатат” дегени мамлекетибиз үчүн оң таасирин тийгизет. Ал мындай бааны “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары” программасынын ишке ашып жаткандыгына байланыштуу айтууда. Маселен, аталган программада “жакырчылыкты, коррупцияны жоюу, айлык маянаны көтөрүү, татыктуу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо” деген сыяктуу пункттары бар. Мына ушундай маселелер боюнча алган маалыматына жараша баа берүүдө. Кыргызстан Кумтөрдү элге кайтарганы, бажыканадагы коррупцияны жоюуга катуу чараларды көргөнү, криминалга каршы күрөшү – алкоого татып атат.
--Эгер Кыргызстан БУУнун “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары” программасын толук кандуу ишке ашырса, эмне күтөт?
--Эгерде жогорудагы программаны натыйжалуу ишке ашырсак, 30 өнүккөн мамлекеттин катарына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал программа мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзөт. Ошон үчүн президент дагы 2030-жылга чейин Кыргызстан алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүгө максат койгонун айтты да.
-- Кыргызстанда “Бириккен Улуттар Уюму атындагы чоку” пайда болгону мамилени бекемдөөгө салым кошобу?
--Кыргызстандагы чокуга БУУнун атынын берилишин анын статусуна жогорку баа берүү жана колдоо көрсөтүү катары сыпатталат. Ошон үчүн мындан кыйкым издебей деле койсок болот.
-- Баса, БУУнун башкы катчысынын келип кетиши менен адам укуктарына, сөз эркиндигине мамиле өзгөрөбү?
--Эгер өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошулууга ниеттенсек, “Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары” деген БУУнун программасындагы“адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо” пункттарын да иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Ошондой эле бул багыттагы маселе Европа Биримдиги менен комплекстүү түрдө кызматташууда да каралат.
"Азия Ньюс" гезити