Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мындай кызды курбум деп айтканга болобу?

Мындай кызды курбум деп айтканга болобу?

02-август, 16:08
2 132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жашоодо өтө жөнөкөй, ишенчээк кызмын. Достукка бекеммин. 5 жашымдан бери дос болуп келген курбу кызым бар болчу. Аны жакшы көрүп, кеңешин угуп келгем. Экөөбүз мектепти аяктап, шаарга келдик. Студент болдук. Мага сөз айткан жигиттер болсо эле “аны сага ыраа көрбөйм” дей берчү. Мени көп жылдан бери ээрчип, ата-энеси да алып беребиз деп жүргөн жигит бар эле. Мага да жакчу. Бирок, аны менен мамиле түзөйүн десем, курбу кызым анын жаман жактарын айтып, бузуп гана турчу. Ошентип ал жигит 4-5 жыл (окуучулук кезден бери) чуркаганына карабай, такыр макул болбой койгом. Ыйлаган күндөрү да болду, белектин түрүн берчү. Ата-энеси да үйгө куда түшүп келип жүрүшкөн. Эми ошол жигит менен курбум үйлөнгөнү жатышканын угуп, эсим ооп отурам. Ал мага чын эле курбу беле? Курбум болсо эмнеге бул ишке барды? Мага качан айтат? Эмне деп айтат?” деп таңмын. Мындан мурда да шаардан бир жигит менен жүрсөм, бир күнү анын үйүнө барып түнөп келгенин угуп, таңкалгам. Эми чындап түңүлдүм. Курбуларга көп ишенбеш керек экен. Тобо кылдым.

Айзирек
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер