Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бердибек Жамгырчиев: “Жандүйнө кризиси да өтө катуу күч алып баратат”

Бердибек Жамгырчиев: “Жандүйнө кризиси да өтө катуу күч алып баратат”

25-сентябрь, 16:18
1 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Маданият министрлигин, жазуучулар союзун жоюш керек” дегендер чыгууда. Чыгармачыл, мекенчил адам катары кандай кабыл алдың?

-- “Маданият мнистрлигин, жазуучулар союзун жоюш керек. Булар мамлекеттен жөн эле акча алып, олчойуп отурушат” дегендей сырттан тон бычкан сөздөрдү акыркы күндөрү көп угуп жатам. Ошол эле “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковдон биринчи окудум. Анан дагы башкалардан окуп калдым. Булар улутка анчейин деле күйө бербеген, маданиятты ичкериден түшүнө бербеген, өлкөнүн кызыкчылыгын анчалык ойлой бербеген адамдар го? Себеби, Нельсон Мандела деген улуу философтун айтканы бар: “Эгер тил менен маданиятың жоголо турган болсо, анда чек араңды ачып сал. Болду да, сен аларды жоготкондон кийин эмнеңди коргойт элең?” деген. Ошондуктан биз биринчи орунда адабиятты, маданиятты көтөрүшүбүз керек эле. Учурда коомдо кескин кылмыштар, эмне деген үрөй учурган окуялар болууда? Бүгүнкү күндө саясатка баш-отубуз менен кирип кеттик, ушунун баардыгы маданиятыбыздын алсыздыгын, адабияттан алыс экендигибизден кабар берет. Себеби, адабият, театр, көркөм өнөр менен тарбияланган муун эч качан жаман иштерге барбайт. Тескерисинче, буларга өтө бийик колдоо керек. 

-- Бул тармактагы көйгөйлөрдү санай берсе түгөнгүс го?..

-- Кээ бир жерде эптеп 5-10 миң сом айлык алып иштеп жаткан маданият кызматкерлери бүгүнкү күндө өтө көп. Коңшу мамлекеттерди карайлы, кандай алдыга жылып жатышат. Ошондуктан бийлик башындагылар дагы тереңден кабардар болуп, биринчи орунда адабият менен маданиятты көтөрсө болот эле. Тилекке каршы, 20-30 жылдан бери жеке кызыкчылыктан баштары чыкпаган жетекчилер келип, экономикалык көйгөйүбүз аз келгенсип жандүйнө кризиси да өтө катуу күч алып баратат. Эл башчылары ушул көйгөйдү көтөрсө болот эле. Учурда элдин жандүйнөсү ачка. Албетте, жашоосу оорлор бар, бирок “жашоо өтө эле оор” дегенге да болбойт. Кыргызстанда канча той-топур өтүүдө? Ошондуктан Алтынбек акындын “Кара курсак кампайып тойгон менен, /Корком, корком жандүйнө ач калууда” дегени бар. 

Келечектен мен дагы корком. Жандүйнөбүз ач калууда. Ага маани берген киши жок. Баягы эле шайлоо, баягы эле бөлүнүү. Баягы эле болуп келген нерселер кайра эле кайталанып, аң-сезим жактан өнүгүүдөн артта калып бара жатабыз. “Маданиятты, жазуучулар союзун жоёлу” дегендердин “көздөрүн оёлу”. Уялбаган беттерин чоюп туруп, анан ордуларына коюш керек! 

Мен Ыдырыс Исаковдун өзүнө да жаздым. Маселени тереңден түшүнбөй эле “журналистмин” деп күпүлдөй бергенде эмне? Тескерисинче, биз колдоого алып, баарыбыз биргеликте маданиятты көтөрүшүбүз маанилүү. “Пайдубалы бекем мамлекет болобуз” десек, маданият менен адабиятка өтө катуу кам көрүшүбүз керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер