Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Буркановго катуу сөгүш деле таасир этпептир
Ушундай. Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Бурканов Ноокат РИИБдеги өздүк курамдын жаңжалынан соң катуу сөгүш алган. Андан бери облустагы “кызыл шапкечендердин” атмосферасына байкоо жүргүзсөк, абал жакшырып деле кетпептир. Кыргызча айтканда, баягыдай эле “эшек жайлоонун” уланып жатышы кандай? Нурланбек Буркановду тоготушпай, “иштегендей” түр көрсөтүшүп, ыраатсыздык өкүм сүргөнү айтылууда. Бул эргул жетекчиликтен катуу сөгүш алды эле, таасир этпесе керек. Бир айласын табыш керек да. Кайрадан өздүк курам ичинен чыр-чатактар орун алса, Ноокаттагыдай болуп, мамлекеттик деңгээлдеги чуулганга айланса кантебиз? Таза кыжалаттык жаратты го. Милдетин аткара албаса, деңгээли жетпесе, абройдон ажыраса, жооптуу кызматка эмне мынча тырмышат? ГОМ же ПОМ сыяктуу орундарга жылып кетсе не? Жанга тынч жата бермек да, жамбаштап...
"Азия Ньюс" гезити