Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Бүгүнкү депутаттардын парламентте отурганга моралдык укугу жок”

Мирлан Орозбаев: “Бүгүнкү депутаттардын парламентте отурганга моралдык укугу жок”

20-декабрь, 23:27
1 579 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуу Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев инибиз кадимки эле темир торлору алынган Жогорку Кеңештин депутаттары отура турган Акүй алдында он чакты санаалаштары менен тынчтык митингине чыгышты. Эң негизги максаты – “Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!” деген ураан менен. 

-- Мирлан, “Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!” деп атасың, а эмнеге андай көз караштасың? 

-- Кыргыздардын жүргүзүп жаткан саясатына чет элдиктер эле эмес, өлкөдө жашап жаткан карапайым эл да түшүнбөй баратат. Жакшы суроо бердиңиз, буга бир эле жообум бар. Алардын парламентте отурганга моралдык укугу жок жана булардын ишмердүүлүктөрүн улантуу – коомчулук үчүн коркунуч жаратууда. Себеби эмнеде? Ар бир депутат эл өкүлү катары саналарын билебиз. Демек, элдин гана кызыкчылыгын ойлоп мыйзам чыгаруусу абзел. Азыр болсо андайды таптакыр байкаганыбыз жок. 

-- Бул жерде бир мандем барбы?

-- Чоң мандем жатат. Анткени, 6-чакырылыштын депутаттары мурунку бийлик менен камыр-жумур иштешип, “табакташ” болуп, ашты бөлө жеп калышкан. Анан бул  кылган күнөөлөрү үчүн “колго түшкөн коёндой” болуп коркуп, “азыркы бийлик иш козгоп жибербесин...” деп ошол эле учурда жаңы бийликке тилдери кыска болуп, “хоп, майли!” деп отурушат. Аны байкап калган жаңы бийлик каалагандай мыйзамдарды өткөртүп атканы айдан-ачык көрүнүп калды. “Жогору” жактан эмне гана мыйзам болбосун жактап, колдоп, “лам” дебестен кол коюп берип атышат.  

-- Бу жолку президенттик шайлоо кандай өңүттө өтөт деп ойлойсуң?

-- Кандай өңүттө болмок эле? Баягы эле эски жолдор менен. Админресурс болбосо да мурунку шайлоону өткөрүп, шымалана билекти түрө жүргөн шылуундардын кыймыл аракеттери азыртан эле байкалып, ошолордун аркасында өтөрүнө элдин көзү жетип калды. 

-- Биз кепти парламенттик шайлоо менен баштадык эле, ошол парламенттик шайлоо менен аяктайлы. Биздин мамлекет бир мандаттуу парламенттик шайлоого барчудай өңдөнүп аткансыйт. Ушунун күнгөй-тескейине токтоло кетсең?

-- Негизи эле бир мандаттуу парламент биздин кыргыздарга туура келбегенин кээ бир саясатчылар унутуп калган окшойт. Ошол эле Садыр Жапаров канча жолу запкы жеп, соттошуп атып араң парламентке келген. 

-- Бул жерде да мандем барбы?

-- Ооба, бар. Бул жерде бийлик акимге эле айтып коёт, “тигини өткөзөсүң, муну өткөзбөйсүң” деп. Мындан сырткары, акчасы бар бай, көпөстөргө гана жол ачылат. Биз өткөндөн сабак албай эле, бир эле жерде көкмээ болгон койдой чимирилип жүрө бергени калдык. Алдыга умтулуу, прогрессивдүү жолду тандоо деген бизде жок экен. 

-- А баса, “Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары кетсин!” деген тынчтык митингиң эртең уланабы же бүттүбү? Митингдин уюштуруучусу катары айта кетсең...

-- Аба ырайынын катаал шартына байланыштуу аз сандагы элдер чыгып калды. Биз муну эртең улантабыз. Бир кызыгы, бүгүн парламентке келген депутаттардын санын билдик. 120 депутаттын төрттөн бирине жетпеген депутаттар келиптир. Эртең митингди эртерээк баштайбыз. Канча депутат келгенин бирден санайбыз. Бүгүн 20га жетпегени келиптир, андан көрө таптакыр эле таркап кеткендери оң. Буларды эч ким кармабайт!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер