Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамир Осмонов: “Дүйнөлүк стандарт менен салыштыра келсек, балдар кардиологиясы оор абалда”

Дамир Осмонов: “Дүйнөлүк стандарт менен салыштыра келсек, балдар кардиологиясы оор абалда”

04-ноябрь, 19:46
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Бикард» медициналык клиникасынын башкы дарыгери менен маек.

-- Жүрөк оорулары күч алганы кейиштүү. Бирок акыркы жылдары жүрөк кан тамыр оорулары, жүрөк хирургиясы боюнча кыйла жетишкендиктер бар экени да айтылып келет. 

-- Он жыл мурдагы менен бүгүнкүнү салыштырып көрсөк, анда биз көп эле алдыга жылдык. Бирок кейите турган нерселер да жок эмес. Жакшы нерселерден баштасак, мамлекеттик же жеке секторлордо болсун “ангиография” деген кымбат баалуу аппараттын саны көбөйдү. Мисалы, 2010-жылы ангиография аппараты Кыргызстанда экөө эле (бири кардиохирургия борборунда, экинчиси кардиология борборунда) болчу. Азыркы учурда төрт мамлекеттик ооруканада, төрт жеке бейтапканаларга орнолтулган. Бул аппарат менен жүрөктүн, организмдин ар бир тамырын текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, курч кармаган инфарктта тамыр тыгылганы үчүн жүрөктүн булчуңдары кан менен камсыздалбай калат. Жүрөк булчуңдарынын жашоо сааты алты сааттан он эки саатка чейин созулат. Ал кайрадан кан менен камсыздалбаса иштебейт. Жүрөк токтойт. Инфаркт убагындагы дарылоонун бири болуп ангиография аппараты менен тыгылган тамырды көрүп, ошол тамырды ачып коюу керек. Бул эң эффективдүү ыкма. Ошол тамыр ачыла турган болсо, инфаркттан боло турган өлүм, майып болуп калуу коркунучу кыйла азаят. Дары менен инфарктты дарылоодон соң 25% өлүм коркунучу болсо, бул жаңы технология менен тамырдын ичин ачып койгондон кийин 5% гана коркунуч жаралуусу ыктымал. 

-- Демек, аталган аппарат, адистер да жетишсиз турбайбы?

-- Ооба, биринчиден, аппарат жок, экинчиден, ал аппараттын деңгээлиндеги адистер жок. Бул технология борбор шаарыбызда, облус борборлорунда эле бар. Калган кичи шаарларда, райондордо, өлкөбүздүн алыскы аймактарында жок. Башка аймактар бул аппарат менен жабдылган эмес. 

Учурда жүрөк оорулары боюнча көп эле операциялар Кыргызстанда жасалып калды, бул жакшы нерсе. Алдыда дагы жасала турган нерселер көп. Эгер жүрөктүн акыбалы начарлап, функциясы төмөндөп, эч бир дары жардам бербей калган убакта, жүрөктү жасалма түрдө насос менен дем алдыруу, жүрөк трансплантациясы бизде жасалбайт. Кыргызстанда аз сандагы калк болгон үчүн “керекпи?” же “кереги жокпу?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Бирок бейтап үчүн ар бир нерсе маанилүү. Ошондуктан жаңы ыкмаларды билген, аларды аймактарга жеткире турган биздин программабыз болушу керек. Окутуу стандарттарыбыз да ошол талапка жооп бериши шарт. Өлкөбүздүн экономикасы начар болгондуктан, мамлекетке ишенип отура бербей, ушул тармакка салымын кошо ала турган жеке ишкерлер дагы көбөйсө, анда мен айтып өткөн көйгөйлөр оңой чечилмек. 

-- Жүрөк ооруларына чалдыккан балдар тууралуу кеп козгосок...

-- Балдар жүрөк оорусуна төрөлгөндөн кийин чалдыкпайт. Көпчүлүк учурда тубаса жүрөк оорулары болот. Азыркы учурда балдар кардиологиясынын, кардихирургиясынын абалын дүйнөлүк стандарт менен салыштыра кетсек, ыйлай турган эле абалда. Себеби, балдар кардиологиясы боюнча адистер абдан саналуу. Ошондуктан баарына толук кызмат көрсөтүлөт деп айтууга болбойт. Канча балдарыбызды сактай албай, убагында көмөк көрсөтө албай калабыз. Бул өтө кейиштүү көрүнүш.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер