Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан төрт бейтап каза болду

Коронавирустан төрт бейтап каза болду

22-ноябрь, 11:59
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2727 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 51 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында. Чүй менен Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек – 29;
  • Чүй – 1;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 7 кишиден вирус расмий аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды. Азыр ооруканада 473 бейтап жатат, дагы 641 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер