Каныбек Осмоналиев: “Элдин башын бириктире турган дымактуу идеологиябыз дагы деле жок”


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен ат жалында маек.
-- Каныбек ага, жаңырган жылда Садыр Жапаровго кандай сунуш, пикирлерди айтасыз? Мамлекеттик деңгээлде жүзөгө аша турган иштерди эске салсак болобу?..
-- Жаңы жылдын келиши менен көптөгөн алгылыктуу иштерди күтөт элем. Менимче, мындай ой ар бир эле кыргызстандыктын жүрөгүнөн түнөк таап келет го... Бул жыл өлкө үчүн чечүүчү этап болот. Анткени, бир топ эле экономикалык жана социалдык кооптуу жагдайлар орун алып келүүдө. Калктын аярлуу катмары жабыр тарта баштады. Кымбатчылык менен инфляция күчөп туруп алды. Элдин башын бириктире турган дымактуу идеологиябыз дагы деле жок. Кооз сөздөр менен гана чектелүүдөбүз. Муну менен курсак тойбойт, элдин башы бирикпейт. Конкреттүү кадамдарга баруубуз абзел. Президент катуу аракет кылып жатат. Өз кызыкчылыгын өлкөнүн маселесинен жогору коюп алып, кой терисин жамынган кокуйлар дагы эле арбын. Энергетика, кен байлыктар, фармация, спирт өндүрүштөрү мамлекеттин өзүнө кайтарылбаса болбойт экен. ГАО "Кыргызиндустриянын" аракетин катуу колдоп, бир кезде итбекер менчиктеп алган өндүрүш мекемелерин мамлекетке кайтаруу керек. Россияда мындай процесс башталды.











