Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан диний чатактардан бийик туруп, туруктуулукту камсыздай алабы?

Кыргызстан диний чатактардан бийик туруп, туруктуулукту камсыздай алабы?

04-февраль, 10:04
1 349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кан төгүлүп, талкаланып, согуш болуп аткан өлкөлөрдүн баары диний ишенимдерге сугарылган адамдардын айынан болуп атат го? Кыргызстан туруктуулукту алдын алып, тынчтыкты камсыздоо үчүн кандай кылуу керек?

Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты, доцент:

-- Ооба, тилекке каршы, ошондой. Дин – бүткүл адамзаттын маданиятынын маанилүү элементи, кээде аны саясый деструктивдүү багытта колдонуп, кан төгүү менен коштолгон иштерге аралаштырып жиберген тарыхый окуяларды четтен табууга болот. Мисалы, Чыңгызхандын көзү өткөндөн кийин, анын империясы төмөнкүдөй үлүштөргө (улустарга) бөлүнгөн:

1. Алтын Ордо – ал Чыңгызхандын тун уулу Жоочуга (Джучи) тийген;

2. Чагатай улусу – аны Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатай мураска алган;

3. Улуу Хандын улусу – ал Чыңгызхандын кичүү уулу Толуйга өткөн;

4. Хулагу мамлекети – ал Толуйдун уулу, Чыңгызхандын небереси Хулагунун энчисине өткөн. 

Чыңгызхандын бирдиктүү империясы сырткы геосаясый күчтөргө ыңгайсыз эле. Ошондуктан алар бул империяны ичтен иритүү үчүн эң эффективдүү курал катары динди тандап алышкан: 

1. Алтын Ордого христиан динин;

2. Чагатай улусуна исламдын суннизм багытын;

3. Улуу Хандын улусуна кытай диндерин;

4. Хулагу мамлекетине ислам дининин шиизм багыттарын таңуулап, натыйжада, бир атанын урпактары өздөрүнүн теңир ишениминен баш тартып, бул диндерди кабыл алгандан кийин бирин-бири «каапыр» атаган душман болуп чыга келишкен. 

Ал эми суроонун экинчи бөлүгүнө өтө турган болсок, кечээ өз милдетин аткара баштаган АКШнын президенти Дональд Трамп: «Жарандарыбыздын алдындагы биздин эң башкы милдет – алардын коопсуздугун, укуктарын жана улуттук баалуулуктарын камсыздап, ак кызмат кылуу» деди. Анүстүнө Дональд Трампты коштоп, аалам менен космосту багынтууга кадам таштаган Илон Маск мырза саясый стратегия катары диний фанатизмге эмес, алдыга озгон илим менен технологияга басым жасайт. 

Трамптын сөздөрү боюнча алдыда турган төрт жыл ичинде дүйнөлүк масштабдагы чоң өзгөрүүлөр болот окшойт. Демек, бизде да улуттук коопсуздук менен түпкү баалуулуктарды коргоо багытында мамлекеттик масштабдагы төмөнкүдөй кадамдар иш жүзүнө токтоосуз ашуусу зарыл:


1-кадам:

Башка мамлекеттер кыялында эңсесе, бүгүнкү күндө чыныгы коммунизмди куруп алган Скандинавияда финндер, норвегиялыктар, шведдер өңдүү кичинекей, бирок улуттук сезими өтө күчтүү өнүккөн, ар-намысты жогору баалаган элдер жашайт. Алардын «Калевала» деген кичинекей эпосу бар. Ошол эпосту алар улуттук улуу мурас катары мыйзамдаштырып гана тим болбостон, «Калеваланы» билбеген адам саясый карьера жасай албай турган мыйзамды кабыл алышкан. Демек, саясый жооптуу кызматка бара жаткан адамдар «Калеваланы» билүү боюнча мамлекеттик сынак тапшырышат. 

Көрүнгөн чала сабат молдого кыргыздын «Манасын» келекелете бербей, скандинавиялык механизмди кабыл алып, «Манас» эпосун билген гана адамдар мамлекеттик жооптуу кызматка келе турган мыйзамды демилгелеп, ишке тез арада киргизүү – бүгүнкү күндүн талабы. Эпосту Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билүүгө тийиш. Ал эми бала бакчанын башчысы болуп иштей турган кишиден баштап, ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик аткаминерлер менен ажого чейинки жооптуу кызматты ээлегиси келгендер «Манас» эпосун билүү боюнча жалпы республикалык телесынактан милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.


2-кадам:

Совет бийлиги орногондо мамлекетти билимдүү, квалификациялуу кадрлар башкарсын деген максатта биринчи кыска мөөнөттүү партиялык курстар жана экинчи жогорку партиялык мектептер ачылган. Бул жерде окугандарды коммунисттик идеологияга сугарышып, тарыхый материализм менен марксизм-ленинизм боюнча кенен билим беришкен. Натыйжада, соко менен иштеген мамлекет кыска убакыттын ичинде космосту өздөштүргөн дүйнөлүк империяга айланганын билебиз.

Бизде Кыргыз Республикасынын алдындагы башкаруу академиясы менен Манас академиясы бар. Ушул академиялардын негизинде улуттук дөөлөттөргө негизделген идеологияны «Манас таануу» жана «Кыргыз таануу» деген сабактардын формасында, биринчиден Кыргыз Республикасынын үй-бүлө күтө турган ар бир жарандарына, экинчиден жогорку деңгээлдеги саясый сатираны кесип кылууну каалаган чыгармачыл инсандарга, үчүнчүдөн келечекте мамлекеттик кызматкер болуу максатын көздөгөндөргө ж.б. тааныштырууда кыска мөөнөттүү курстар түрүндө уюштурса болот. 

Эгер бул курстарды түзүү үчүн мамлекеттик казынада каражат болбосо, анда аны чечүүнүн жолу жеңил. Саясый карьера жасоону максат кылгандар мамлекеттик окуу жайда уюштурулган кыска мөөнөттүү курсту өз эсебинен окууга чын ниеттен дилгирленет

Диндер көп, ал эми улутубуз жалгыз экени эстен чыкпоосу керек. Демек, АКШ аалам менен космоско кол сунган шарттарда Кыргызстан да жөн карап турбай, улуттук баалуулуктарды илимий негизде изилдөөнү жандантып, улуттук укукту мамлекеттик масштабда коргоо ишин колго алуусу шарт.

Эгер биз сунуш кылган кадамдарды жасоого мамлекет бел байласа, анда «Манас таануу» жана «Кыргыз таануу» боюнча илимий регалийлери бар адис катары мен жана менин коллегаларым сизге чын жүрөктөн жардам берүүгө даярбыз!

Тимур Саралаев, активист:

-- Дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштардын бир бөлүгү диний ишенимдерди саясый максаттар үчүн курал катары колдонгон күчтөрдүн айынан келип чыгары жашыруун эмес. Алыска барбай эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды алсак, бир диндин эле өкүлдөрү бири-бири менен согушуп, «биздин окуубуз туура, силердики туура эмес» деп жатышат.

Кыргызстан светтик, полиэтникалык жана көп диндүү өлкө болгондуктан, туруктуулук менен тынчтыкты сактоо – жалпы атуулдук жоопкерчиликтүү милдет. Бирок өлкөбүздүн туруктуулугун бузгусу келген жана диний ишенимдерди деструктивдик максатта колдонууга кызыкдар сырткы жана ички күчтөр бар экени да жашыруун эмес. Мына ушундай коркунучтарды эске алуу менен президенттин диний сабаттуулукту жогорулатууга жана жоопкерчиликти арттырууга багытталган саясаты, биринчиден, экстремизмге каршы туруунун негизги жолун көрсөтөт жана коомдун биримдигин бекемдейт. Экинчиден, этностор, диндер ортосундагы диалогду өнүктүрүп, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртат.

Кыргызстандын туруктуу келечеги – биримдикте жана билимдүү, сабаттуу коомду калыптандырууда жатат деп ойлойм.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер