Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам Жунушов: “Буудай келип жатат, ун жагынан көйгөй жок”

Рустам Жунушов: “Буудай келип жатат, ун жагынан көйгөй жок”

29-январь, 09:00
1 398 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси менен маек.

-- “Эки айлык эле ундун запасы бар” деген кептер желдей тарады. Туура эмес түшүнгөндөр, ун запастап коюуга ашыккандар да арбыды. Соңку абалыбызды айтсаңыз?

-- Журналисттер тарабынан “чек аралар таптакыр жабылып калса, биздеги запастар канчага жетет?” деген суроолор берилген. Ошондо “эки айлык запас бар. Эки айлык запасты дайыма кармайбыз” дегем. Учурда деле буудайды алып келип, иштетип жатабыз. Эки айдан соң деле запастарыбыз улана берет. “Эки айлык эле ун бар экен” дегендей маалыматтар тарап кетти. Бул тармакта ушунча көп комбинаттар иштеп жаткан соң, ун арбын эле. Кампаларда сакталгандар бар. Дагы келип жатат. Ун кымбаттаган да жок, ошол эле баада.

-- Жаз айларында деле кымбатчылык күтүлбөйт да....

-- Жазында деле кымбаттабашы керек. Бул түздөн-түз буудайдын баасына байланыштуу. Мисалы, буудайды сырттан алып келип жатабыз. Эгер сыртта  буудай кымбаттап кетсе, анда ундун баасына таасир этет. Буудайдын баасы ушундай эле абалда турса же арзандап кетсе, ун дагы арзандайт.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер