Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үлпөт көйнөгүм менен Бакыт үйүнө бара жатып, кырсыкка учурадык

Үлпөт көйнөгүм менен Бакыт үйүнө бара жатып, кырсыкка учурадык

17-март, 12:03
1 725 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арген экөөбүз жетелешип, бакыттан башыбыз айланып турду. Үлпөт көйнөгүм менен  Бакыт үйүнө барып катталдык. Айланабызда курчаган жакындарыбыз, досторубуз. Ата-энебиз зор кубаныч, сүйүнүч менен биздин тоюбузга даярданып жүрүшөт. Канча тоскоолдуктардан соң “ушул күнгө да жетет экенбиз ээ?” деп улам бири-бирибизди жоодурай карайбыз. Бирок, бирок... ички сезимдерим, тереңдеги сезимдерим бир нерсе болчудай болкулдап, жүрөгүм алып учат. 

Бакыт үйүнөн чыккан соң, тойго кечигип барышыбыз керек. “Шаар четине барабыз” деп досторубуз алып жөнөдү. Улам машиналар токтоп, досторубуз жакшы каалоо-тилектерин айтып, ичимдиктер ичилип жатты. Биз ырдап бараттык, каткырып күлүп бараттык. Кубанычтан көзүмдөн жаштар куюлуп жатты. Андан аркысын билбейм... 

Көзүмдү ачсам ооруканада жатыпмын. Дарыгер жанымда отуруптур. Көзүмдү ачканда кубанганынан дарыгердин жүрөгү жарылып кетчүдөй болду. Кубанычтуу кабарды угузганы сыртты көздөй чуркады. Баарын эстей баштадым. Жүк ташуучу унаа алдыбыздан чыга калганы, “Арген!” деп ачуу чаңырганым эсимде калыптыр. 

-- Арген, Арген кана, аман-сообу? - деп жандалбастап Аргенди сурап жаттым. Атам, апам бир туугандарым менин аман калганыма Кудайга ыраазы болуп, дарыгерди алкап жатышты. Арген тууралуу эч ким ооз ачпайт.

-- Апа, Арген... Арген эмне болду?

-- Алда кагылайын ай, Аргениң аман эле. Бизди сен коркуттуң го. Үч күндөн бери “ушул кызымдын ордуна мени алып кет” деп жалбарганым Жаратканга жетти окшойт.

Бул кабарга абдан кубандым. Бирок, алардын катарында менин көзүмдүн ачканын күтүп биринчи Арген турат эле го. Арген жок да...

Мен сезгендей эле Арген менден оор жабыркап, эки бутунан ажырап калыптыр. Ооруканадан чыккан соң Арген дарыланып жаткан палатага башбактым. Креслодо терезени мелтиреп карап отуруптур. Бир кездеги кайраттуу, күчтүү, мен сүйгөн жигиттин көзүнөн жаш сызылып агып жатты. Мындан ары бизди кандай күндөр күтөт, билбейм... билбейм...

Үлпөт көйнөгүм менен Бакыт үйүнөн чыкканыбыз, бакыттан башыбыз айланып, ырдап, күлүп жатканыбыз элестеп жатты...

Алина БЕЙШЕНОВА
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер