Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө окумуштуулары уу коргошундун кесепетин талкуулашты

Дүйнө окумуштуулары уу коргошундун кесепетин талкуулашты

28-апрель, 12:04
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Британиядагы Бат университети дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын башын бириктирип, уу коргошунду коронавируска каршы колдонуудагы кесепеттери тууралуу онлайн талкуу уюштурду.

27-апрелдеги талкууга Лондон университетинин профессору Кристина Пагель, британиялык профессор, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун илимий кеңешинин мүчөсү Энтони Костелло, Бат университетинин кыргызстандык окумуштуусу Асел Сартбаева баштаган бир нече онколог, коомдук саламаттык тармагындагы илимпоздор катышышты.

Окумуштуулар аконит миңдеген жылдар бою өтө коркунучтуу уу катары колдонулуп келе жатканын белгилешип, аны онкология же коронавирусту дарылоодо колдонууга мүмкүн эмес экенин айтышты. Профессор Энтони Костелло COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө таасири далилденген үч эле негизги курал бар деп баса белгиледи.

“Вирус менен күрөштө беткап, аралыкты сактоо жана вакцинадан башка таасирдүү эч нерсе жок. Аконитти илгертен адамзат уу катары колдонуп келген. Аны менен байыркы заманда белгилүү философ Сократты, атактуу колбашчы Александр Македонскийди ууландырып өлтүрүшкөнү айтылып жүрөт. Байыркы адамдар найза, жаанын жебесинин учун уулап, аң уулоодо жаныбарларды өлтүрүүгө колдонгон” деди Костелло.

“Азаттык”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер