Миргазы Жуматаев: «Мен адамдардын жашоосун өзгөртүү менен ырахат алам”


Миңдеген жаштардын өзгөрүүсүнө, алдыга умтулуусуна, сергек жашоо куруусуна салым кошкон Миргазы Жуматаев менен ал негиздеген ЖД (Железная дисциплина) долбоору тууралуу маек курдук. Ар бир кыргыз уулу Миргазыдай алдыга умтулууга, жашоо графигин өзгөртүүгө салым кошсо, эмдигиче өлкөбүз өнүгүп, жаңы ачылыштары, сергек жашоосу менен дүйнөнү таңгалдырмак.
-- ЖД – өзгөрөм дегендерге эң сонун долбоор экен. Кандайча уюшулду эле?
-- 2015-жылы мен өз жашоомду колго алгым келген. Эң эле биринчи жашоомду өзгөртүүнү таңда туруу менен баштоону чечтим. Ийгиликтүүлөрдүн эң башкы сапаты алардын эртең мененки убактысын туура колдонгону болгон. Канча адамды карабайлы, дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жараткандардын баары эртең мененки саат бештен жетиге чейинки аралыкта турат экен. Бир дагы адамдын “саат ондо турчумун, ийгилик жараттым” деген сөзүн уккан жокмун. Дагы бир ийгиликтүүлөрдүн окшош жагы: эртең мененки убактыларын окшош иштерге жумшашат. Мен дагы ошолорду карап, өзүмө он пункттан турган тизме түзүп алгам. Анын ичинде эртең менен саат беште туруу, даарат алуу, суу ичүү, намаз окуу, таза абага чыгуу, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, сууга түшүү, китеп окуу. Ошол тизмени карап, четинен аткара берчүмүн. Колумда кандай мүмкүнчүлүк болсо, кийинки кадамдарды жасоого умтулчумун.
2017-жылы өзүмдүн командам менен Москвага барып калдык. Командамдагы жигит менен бир бөлмөдө жашап калдым. Ага “мени менен жашасаң, эрте турушуң керек болот. Тынчтык бербейм, чуркоо шарт” десем, “мага да ошондой зарыл” деди. Ошол күндөн тарта мен эмне кылсам, аны дагы тургузуп, ошону кылдырып баштадым. Ал жигиттин таңкы сергек иштерин көрүп, командамдын башка мүчөлөрү да суранып башташты. “Мунун үйрөтө турган эч нерсеси жок. Эртең менен турасыңар, чуркайсыңар, биз кылганды кыласыңар” десем, “өз алдынча аткара албай жатабыз, жолун таппайсызбы?” деп калышты. “Анда оюн түрүндө ишке ашыралы” деп алты адамды үч командага бөлдүк. Эгер бир команданын бирөөсү эле аткарбай койсо, айып төлөй тургандай кылып иш баштадык.
Биринчи жумада бир команда калбай айып төлөп жатышты. Аларга “бул силердин жашооңор” деп түшүндүрүп жүрдүм. Айыптар акырындап азайып отуруп, аягында адаттар аткарылып баштады. Бир айдын аралыгында алардын өзүнө болгон ишенимдери жогорулап, жашоолору өзгөрүп баштады. Алардын көргөн тааныштары кайрылып атып, кыска аралыкта эле жүздөн ашык киши болуп кеттик. Ошондо биздин системабыз көп адамга пайдалуу экенин көрүп, орточо баа коюп ишибизди баштаганбыз.
-- ЖДнын башка долбоор, тренингдерден кандай айырмачылыгы бар?
-- Башка тренингдерден айырмачылыгы – ЖДда көзөмөл бар. ЖДда керектүү болгон сапаттарды көзөмөл менен кошуп колго алабыз. ЖДга адамдардын бир эле учурда келишин жана ага байланып калбашын сунуштайм. “21 күндө адаттар орун алып кетет” дегенге кошула албайм. Себеби, менин адамдар менен иштөөдөгү беш жылдык тажрыйбам бар. Адатка айландыруу үчүн орто эсеп менен жүз күндөй убакыт керек экен. Ошол убакытта гана адамдар калыптанып кете алышат. Алар калыптанып алгандан кийин акысыз эле группаларга лидер болуп иштешсе болот. Эгер адамдар жылдап өзүн жеңе албаса, анда аларга ЖДнын деле кереги жок.
Менин кичинекей кезимден бери эле чоң кыял, максаттарым бар. Мендей кежир, жалкоо адам жашоосун өзгөрткөндөн кийин, жашоодогу баардык адамдар жашоосун өзгөртүүгө кепилдик бар. Ийгиликтүү адам өзүнүн алдына койгон максатына эч бир тоскоолдукка карабай, колунда бар ресурстарды колдонуп, күндө бир кадам алдыга жылат. Канчалаган ийгиликтүү тарыхтардын сыры – күн сайын токтобой кыймылдоо.
-- Бул багытты кантип тапса болот?
-- Ар бир адамдын ичинде өзүнүн миссиясы болот, ошону табыш керек. Ар бир адам ырахат менен сүйүнүп кылган ишин тапса, ошондо ал чарчабай, тескерисинче, эс алат. Мен адамдардын жашоосунун өзгөргөнүнөн ырахат алам. Ошол сезимим мага кайра жаңыртып дем-күч берип турат. Күн сайын көптөгөн адамдар ыраазычылык каттарын жазып турушат.
Ийгиликтүү адам Генри Форд (“Форд” унаасынын ойлоп табуучусу) “мен машина сатпайм, мен силердин убактыңарды сатам” деген. Ал кезде эл жөө жүрчү. Ошондо сен беш саат жете турган жерге бул авто унаа менен бир жарым саатта жет. Калган убактыңды мен сатам (!) дейт. Адамдын баасы, өзүнө болгон ишеними күн сайын жасаган кадамдарынан көтөрүлөт. Эч нерсе кылбасаң, өзүңө болгон ишеним төмөндөп кете берет. Жогорулаган ишеним күн сайын чоңураак кадамдарды таштаганга жардам берет.
Биздин долбоорго катышкандар “иммунитетимди бекемдедим” дешсе, дал келүү го (?) деп ойлочумун. Бирок туура, уйкунун дагы ден соолукка таасири чоң. Динде деле ошол нерсе айтылат. Биз түнкү эки-үчтө уктасак, организмибизге керектүү мелатонин гормону бөлүнүп чыкпай, бара-бара дартка чалдыгабыз.
-- ЖДнын максаттарына токтолсоңуз?
-- ЖДнын максаттары көп. Эң башкы максаты – Кыргызстандын элинин жашоо графигинин өзгөрүшүнө салым кошуу. Жалпы өзгөртө албасам да, жакшы иштерим “вирус” сыяктуу жайылып, адамдардын көпчүлүгү таңкы саат беште туруп баштаса, жашоолорун өзгөртүүгө умтулса дейм. Мен өнүккөн өлкөлөргө барганда көрүп жүрөм, алардын жашоосу таңкы алтыда эле башталат.
Ар ким жеке жашоосун баштап, эрте турса, издеген керектүү нерсесин табат. Биздин кедей, көп нерсеге жетише албай жүргөн өлкө болгонубуздун бирден-бир себеби да ушул экенине көзүм жетти. Мисалы, “Айфон” дегенде Американы, “Panasonic” дегенде Японияны элестетебиз. Ошол сыяктуу адамдар ЖДны көргөндө, сергек адамдарды, Кыргызстанды элестетет деп кыялданам.
-- ЖДнын девизин айтсаңыз, же кандай маанини түшүндүрөт?
-- “ЖД” дегенде алгач биз темир жолду түшүнөбүз. Темир жолдун бизге кандай тиешеси бар? Бардык унаалар, абадагы учактар каалаган убагында каалаган жагына кайрыла алат экен. Бир гана темир жол унаасы бир станциядан экинчи станцияга кайрылбастан барат. Биздин да максатыбыз – ар кандай шылтоолорго, жалкоолукка алдырбай, түптүз койгон максатыңа чейин баруу. Ошол жагынан темир жол унаалары ЖДнын стратегиясына аябай дал келет. Бул алгач “железная дисциплина” деп аталса, азыр аны “жеңил дисциплина” дегенге которуп жатабыз. Учурда Орто Азия ж.б. орус тилдүү өлкөлөргө биздин долбоордун аталышы жагып, жакшы жайылып жатканын көрүүдөбүз.
Биздин девизибиз – “Жесткая дисциплина по железной дороге прямо к цели”, дагы бир девизибиз – “Желай и делай”! Өзүң бир нерсени каала, анан кыл. Жашооңду өзгөртө турган иш-аракетти мажбурлап эмес, каалоо менен жаса.
Сиздердин жамаатка да чоң ийгиликтерди каалайм! Сиздер дагы ЖДнын прициптерин өз жашоңуздарда колдонуп, ийгиликтерди жаратууңуздарга тилектешмин! 










